КАРА-ТЕСКЕЙ КУМ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-ТЕСКЕЙ КУМ КЕНИ Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Жалал-Абад шаарынан 10 км түндүк-чыгыш тарапта, Көгарт суусунун боюнда. 1945-жылы чалгындалган. Кен аймагын юра мезги­линде пайда болгон чопо, алевролит, гравий кат­марлары түзөт. Алардын арасында кумдун 4 ка­баты бар. Кабаттар түштүк-чыгыш тарапка 30° бурч м-н жатат. Алардын калындыгы 1,5, 2, 3,3 ж-а 10 м. Узундугу 50 м. Кабаттардын эки чети кум-чопо (калыңдыгы 1–20 м) м-н жабылып калган. Кум негизинен кварцтан турат. Жуулган ак кумдун курамында: 94,62% SiO2, 10% Fе2О3, 3,25% Аl2О3 бар. Кум жогорку сапаттагы тунук айнек алууга жарамдуу. Запасы 77 миң т. Кенде күңүрт түстөгү айнек идиштерин жасоодо колдонулуу­чу саргыч боз (запасы 154 миң т) ж-а саргыч кызыл кумдук кабаттары да бар.