КАРА-СУУ РАЙОНУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА-СУУ РАЙОНУ – Ош обл-нун борб. бөлү­гүндө жайгашкан адм. бирдик. Район 1935-ж. уюшулган. Чыгышынан Өзгөн, түштүгүнөн ж-а түш.-чыгышынан Алай, батышынан Ноокат ж-а Араван р-ндору, түндүгүнөн Өзбекстан м-н чектешет. Аянты 2,8 миң км2 (Ош обл-нун ай­магынын 9,7%и). Калкы 348,3 миң (2009; обл­тун калкынын 25,0%и). Райондо бир шаар, 15

Ош – Кара-Суу түздүгүнүн бир бөлүгү.

айыл өкмөтү ж-а 123 кыштак бар. Борбору – Кара-Суу шаары.
Район Ош – Кара-Суу түздүгүн, Алай кырка тоосунун түн. тармактарын, адырларды ж-а Ки­чи Алай өрөөнүнун бир аз бөлүгүн ээлейт. Ош – Кара-Суу түздүгү деңиз деңг. 800–1200 м бийик­те жатып, Орто-Тоо (бийикт. 1184 м), Кароол- Тоо (1115 м), Сулайман тоолору (1167 м; Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилди; 2009) ж-а Отуз-Адыр адырлары м-н курчалган. Ай­магында көмүрдүн (Алмалык) ж-а курулуш ма-


териалдарынын кендери бар. Климаты конти­ненттик, түзөң бөлүгүндө жайы ысык. Январ­дын орт. темп-расы –3,3°Сден (өрөөндөрүндө) – 6,9°Сге чейин (тоолордо), июлдуку 15–24,4°С. Жылдык жаан-чачыны 300–500 мм. Ири суула­ры: Ак-Буура, Куршаб, Талдык ж. б. Түзөң бөлү­гүндө боз, тоо жагында күрөң топурак басым­дуу. Деңиз деңг. 800–1500 м бийикте жарым чөл, 1400–3000 мде талаа, 1800–3500 мде шалбаалуу талаа, 1800–3000 мде шалбаа, 1000–2700 мде ба­дал өсүмдүктөрү, 1700–3000 мде токой (көбүнчө арча) өсөт.
Райондо облустун калкынын 25,0%и жа­шайт. Төрөлүүнүн деңгээли 21,9‰ (2001), өлүм­житим – 4,9‰, табигый өсүш – 17,9‰ни түзөт.
Калкынын 54,9%и кыргыздар, 37,7%и өзбек­тер, 3,0%и уйгурлар, 1,6%и тажиктер, 1,0%и түрктөр, 1,8%и башка улуттар. Калкынын 43,8%и эмгек жашына чейинки курактагылар, 49,2%и эмгек жашындагылар, 7,0%и эмгек жашынан өткөндөр. Калкынын 75,1%и деңиз деңг. 1000 мге чейинки, 22,6% – 1000–1500 м,

2,0% – 1500–2000 мде, 0,3% – 2000–2500 м би­йикте отурукташкан. Калкынын орт. жышты­гы 1 км2 жерге 110 киши туура келет. Райондун экономикасынын негизин а. ч. ж-а иштеп чы­гаруу өнөр жай түзөт. А. ч-нын негизги тармагы – пахтачылык ж-а кой чарбасы. Жалпы жер фон­дусу 292,3 миң га болсо (2002), а. и. айыл чар­бага жарактуу жери 189,0 миң га (жеринин 64,7%и). Айдоо аянты 53,2 миң га (анын 31,0 миң гасы сугат жер), 2,9 миң га көп жылдык өсүмдүк, 10,1 миң га чабынды, 113,6 миң га жайыт. Пахта (7,8 миң га; облустагы үлүшү – 69,0%), дан эгиндери (27,8 миң га, а. и. буудай – 24,5 миң га), жүгөрү (2,9 миң га), тамеки (0,2 миң га), май алынуучу өсүмдүктөр (4,2 миң га), картөшкө (0,8 миң га), жашылча (2,3 миң га) ж. б. өстүрүлөт (2002). Багбанчылык (1,4 миң га) ж-а жүзүмчүлүк (0,4 миң га) өнүккөн. 2002-ж. райондо 67,1 миң бодо мал (а. и. 35,2 миң баш саан уй), 231,1 миң кой ж-а эчки (облустагы кой-эчкинин 27,3%и), 12,6 миң жылкы, 52,1 миң үй канаттуулары (34,8%) болгон. Район облуста өндүрүлгөн дандын 27,7%ин, пахтанын 65,3%ин, өсүмдүк майынын 24,0%ин, жашыл­чанын 30,7%ин, жүзүмдүн 73,3%ин, эттин 22,2%ин, сүттүн 31,4%ин, жүндүн 33,7%ин бе­рет (2002).
Райондун өнөр жай продукциясынын облустагы үлүшү 31,8%. <contr>Өнөр жай<contr>ы -нын негизин кайра иштетүү тармактары түзөт; а. и. пахтаны кайра иште­түүчү (облустагы үлүшү 52,0%), өсүмдүк майын өндүрүүчү, тамекини ферменттөөчү ж-а ун-акшак чыгаруучу ишканалар өзгөчө орун алат. Пахта­ны кайра иштетүүчү ири ишканалары: «Акал­тын» АК (жылына 90 миң т га чейин) ж-а «Бек­тур» жоопкерчилиги чектелген ишканасы ж. б. Өсүмдүк майын өндүрүүчү эң ири ишканасы – «Аска» АК (жылына 380 т чигит, 150 т күн караманын данын иштете алат). Ири ишкана­лардын катарына о. эле «Ош-Дюбек» АК (таме­ки ферменттөөчү; Жаңы-Арык кыш-нда) ж-а «Кара-Суу – Даназык» АК (ун-акшак чыгаруу­чу) кирет.
Райондо автомобиль (уз. 1850 км) ж-а т. ж. транспорту өнүккөн. Анын аймагынан Ош – Хорог (Памир тракты), Ош – Кара-Суу – Мыр­заке – Өзгөн – Бишкек, Кара-Суу – Анжиян автомобиль жолдору ж-а Ош – Кара-Суу – Жалал-Абад т. ж. өтөт. Жакынкы жылдары Кара-Суу т. ж. түйүнү аркылуу кытай-кыргыз­өзбек т. ж-н кошкон Кара-Суу – Торугарт т. ж. курулмакчы.
Райондо 124 жалпы билим берүүчү мектеп (окуучулардын саны 73,4 миң) ж-а 958 орундуу мектепке чейинки 9 мекеме иштеген. Райондо 13 оорукана, 2 диспансер (учук, венерол.), сто­матол. поликлиника, 4 үй-бүлөлүк медицина борбору, 58 ФАП, 35 үй-бүлөлүк врачтар тобу ж. б. мед. мекемелер иштейт. А. Мырзаев.