КАРА ӨПКӨ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА ӨПКӨ (Pleuropneumonia infectiosa caprarum) – эчкинин жугуштуу ылаңы. Ылаң­даткычы – Mycoplasma mycoides var capri микро­организми. Табигый шартта 3 жашка чейинки эчкилер ылаңдайт. Ылаңдын негизги булагы ылаңдуу ж-а ылаңдап айыккан эчкиден дем алуу органдары аркылуу жугат. Багуу ж-а тоют­тандыруу начар болгондо ж-а жылдын суук мезгилинде ылаң өтө тез тарайт ж-а оор өтөт. Улак чоң эчкиге караганда туруктуу келип, көбүнчө 5–8 айлыгында ылаңдайт. Табигый ылаң тараткычтар – жапайы эчки-теке, элик ж. б. ача туяктуулар. Ылаңга чалдыккан мал­дын 90–100%и өлөт. Ылаңдын букма (жашы­руун) мезгили 5–20 күн. Ылаң курч ж-а өнөкөт өтүшү мүмкүн. Ылаң курч өткөндө малдын жал­пы абалы начарлайт, темп-расы 1–2 градуска жогорулайт. Адегенде тумшугунан сары суу, кийинчерээк ириңдүү илээшкек суюктук кую­лат, жөтөлөт, 2–3 күндөн кийин жөтөлү күчөйт, кырылдайт, деми кыстыгат, чычкактайт. Бооз эчки улак салат. Ылаң өнөкөт өткөндө акырын­дык м-н малдын темп-расы калыбына келет, жалпы абалы оңоло баштайт, мезгил-мезгили м-н гана жөтөлөт. Багуу жакшыртылып, уба­гында дарыласа, көпчүлүгү айыгат. Вакцина м-н ылаң чыккан чарбада алдын алуу макса­тында эчки 7 күн аралык м-н эки жолу эмде­лет. Алдын алуу үчүн башка жактан алынып келинген эчкилер 30 күндүк карантинге коюлуп, ылаңдын бар же жогу текшерилет.


Ад.: Раимбеков Д. Эпизоотология жана айыл чарба жаныбарларынын жугуштуу ылаңдары. Б., 2007.