КАРА ӨПКӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА ӨПКӨ (Pleuropneumonia infectiosa caprarum) – эчкинин жугуштуу ылаңы. Ылаң­даткычы – Mycoplasma mycoides var capri микро­организми. Табигый шартта 3 жашка чейинки эчкилер ылаңдайт. Ылаңдын негизги булагы ылаңдуу ж-а ылаңдап айыккан эчки. Анын ден дем алуу органдары аркылуу жугат. Багуу ж-а тоют­тандыруу начар болгон ж-а жылдын суук мезгилинде ылаң өтө тез тарайт ж-а оор өтөт. Улак чоң эчкиге караганда туруктуу келип, көбүнчө 5–8 айлыгында ылаңдайт. Табигый ылаң тараткычтар – жапайы эчки-теке, элик ж. б. ача туяктуулар. Ылаңга чалдыккан мал­дын 90–100%и өлөт. Ылаңдын букма (жашы­руун) мезгили 5–20 күн. Ылаң катуу кармап ж-а өнөкөт өтүшү мүмкүн. Ылаң курч өткөндө малдын жал­пы абалы начарлайт, температурасы 1–2 градуска жогорулайт. Адегенде тумшугунан сары суу, кийинчерээк ириңдүү илээшкек суюктук кую­лат, жөтөлөт, 2–3 күндөн кийин жөтөлү күчөйт, кырылдайт, деми кыстыгат, чычкактайт. Бооз эчки улак салат. Ылаң өнөкөт өткөндө акырын­дык м-н малдын температурасы калыбына келет, жалпы абалы оңоло баштайт, мезгил-мезгили м-н гана жөтөлөт. Багуу жакшыртылып, уба­гында дарыласа, көпчүлүгү айыгат. Вакцина м-н ылаң чыккан чарбада алдын алуу макса­тында эчки 7 күн аралык м-н эки жолу эмде­лет. Алдын алуу үчүн башка жактан алынып келинген эчкилер 30 күндүк карантинге коюлуп, ылаңдын бар же жогу текшерилет.

Ад.: Раимбеков Д. Эпизоотология жана айыл чарба жаныбарларынын жугуштуу ылаңдары. Б., 2007.