КАРАНТИН ОТОО ЧӨПТӨР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРАНТИ́Н ОТОО ЧӨПТӨР – өтө зыяндуу отоо
чөптөр. Алар өлкөнүн өзүндө болушу же башка
өлкөдөн (үрөн, жем, чөп ж. б. аркылуу) таралышы мүмкүн. Бөтөн өлкөдөн таралган отоо
чөптөр жаңы жерде көбүрөөк зыян келтирет.
А. ч. өсүмдүктөрүн коргоо үчүн К. о. ч-гө каршы жалпы күрөштөн тышкары атайын чаралар колдонулат: К. о. ч. м-н булганган үрөн себилбейт; ал тазалоо пунктуна жеткирилип, өзүнчө сакталат; булганч дан пайдалануу алдында тазаланат. КМШ өлкөлөрүндө карантин чектелүүчү айрым отоо чөптөр: көп жылдык амброзия (Ambrosia psitostachya D. С.), сойломо кекире, каролин ит жүзүмү, тикендүү ит жүзүм, чырмооктор ж. б.