КАРАНТИН ОТОО ЧӨПТӨР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРАНТИ́Н ОТОО ЧӨПТӨР – өтө зыяндуу отоо чөптөр. Алар өлкөнүн өзүндө болушу же башка өлкөдөн (үрөн, жем, чөп ж. б. аркылуу) таралышы мүмкүн. Бөтөн өлкөдөн таралган отоо чөптөр жаңы жерде көбүрөөк зыян келтирет.
Айыл чарба өсүмдүктөрүн коргоо үчүн карантин отоо чөптөргө каршы жалпы күрөштөн тышкары атайын чаралар колдонулат: карантин отоо чөптөр м-н булганган үрөн себилбейт; ал тазалоо пунктуна жеткирилип, өзүнчө сакталат; булганч дан пайдалануу алдында тазаланат. КМШ өлкөлөрүндө карантин чектелүүчү айрым отоо чөптөр: көп жылдык амброзия (Ambrosia psitostachya D. С.), сойломо кекире, каролин ит жүзүмү, тикендүү ит жүзүм, чырмооктор ж. б.