КАРА КУРТ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА КУРТ (Latrodectus tredecimguttatus) – уулуу жөргөмүш. Жетилген ургаачысы кара түстө. Уз. 10–20 мм. Эркегинин (уз. 4–7 мм ) ж-а жетиле элек ургаачысынын курсагында кы­зыл тактары бар. Күндүз да, түнкүсүн да жак­шы көрөт. К. к. Түш. Европа, Батыш Азия, Түн. Африкада, Борб. Азиянын чөлдөрү м-н тоо этек­теринде таралган. Чымын-чиркей м-н азыкта­нат. Жерге уя салып, тегерете тор м-н чырмайт. Уруктандыргандан кийин эркеги өлөт. Ургаа­чысы күзүндө жумуртка туугандан кийин өлөт. Жумурткасы (1200–2000дей) желе пиллада кыш­тап, жазында андан жаш жөргөмүш чыгат. 6 жолу түлөп, жайында жетилет. Уулуу бездери баш-көкүрөгүндө жайгашкан. Кишини ургаачы-


сы чакса, өтө коркунучтуу, чаккан жер катуу ооруйт, кара терге түшүп, эти көгөрөт, тыры­шат, деми кыстыгат, көбүрөөк ууланса, өлүмгө дуушар кылат.