КАРА КУРТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА КУРТ (Latrodectus tredecimguttatus) – уулуу жөргөмүш. Жетилген ургаачысы кара түстө. Узундугу 10–20 мм. Эркегинин (узундугу 4–7 мм ) ж-а жетиле элек ургаачысынын курсагында кы­зыл тактары бар. Күндүз да, түнкүсүн да жак­шы көрөт. Кара курт Түштүк Европа, Батыш Азия, Түндүк Африкада, Борбордук Азиянын чөлдөрү м-н тоо этек­теринде таралган. Чымын-чиркей м-н азыкта­нат. Жерге уя салып, тегерете тор м-н чырмайт. Уруктандыргандан кийин эркеги өлөт. Ал эми ургаа­чысы күзүндө жумуртка туугандан кийин өлөт. Жумурткасы (1200–2000дей) желе пиллада кыш­тап, жазында андан жаш жөргөмүш чыгат. 6 жолу түлөп, жайында жетилет. Уулуу бездери баш-көкүрөгүндө жайгашкан. Кишини ургаачысы чакса, өтө коркунучтуу, чаккан жер катуу ооруйт, кара терге түшүп, эти көгөрөт, тыры­шат, деми кыстыгат, көбүрөөк ууланса, өлүмгө дуушар кылат.