КАРА КУЛАК ШЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА КУЛАК ШЕР , г е п а р д (Асinonyх jubatus) – мышык сымалдар тукумундагы сүт эмүүчү жаныбар. Дене уз. 123–150 см, куйругу 63–75 см, шыйрагы узун, ичке.

Кулагы тегерек, кичине, түсү саргыч боз, майда кара тактары бар. Баласынын жон жагында узун жүнү бо­лот. Африкада, Кичи ж-а Борб. Азияда, Индия­да, Түркияда жашайт. Күндүз активдүү. 84–95 күн көтөрүп, 2–4 бала тууйт. Туяктуу жаны-


барды аңдып жүрүп, аны кууп жетип, жейт. Саны азайып кеткендиктен, ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.