КАРА-КУЖУР МАРМАР КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА-КУЖУР МРА́МОР КЕНИ Нарын обл-нун Кочкор р-нунда, Сары-Булак кыш-нан 56 км чы­гышта, Тескей Ала-Тоонун түш. капталындагы Кара-Кужур суусунун башталышында. 1973– 75-ж. геол. изилдөө жүргүзүлгөн. Кен аймагын­да протерозойдун ортосунда пайда болгон мра­морлошкон ж-а доломиттешкен акиташ теги­нин, графит сымал сланецтердин катмарлары жатат. Алардын жалпы калыңдыгы 2400– 3000 м. Мында кооз таш катары мрамордун 3 түрү кезигет: 1) бир өңчөй ак, майда бүртүкчөлүү доломиттешкен мрамор. Блоктуулугу 0,3–0,5 м3; 2) боз, агыш, кооз темгилдери бар орт. бүртүк­чөлүү мрамор. Блоктуулугу 0,2–0,4 м3; 3) ак мрамор, арасында боз ж-а каралжын боз, жол­жол, ичке темгилдүү, майда ж-а орт. бүртүкчө­лүү түрлөрү бар. Блоктуулугу 0,1–0,3 м. Мрамор­дун 3 түрү тең жакшы сайкалданат, кооз көрү­нөт. Запасы 40 млн м3. Имараттардын ички ж-а сырткы дубалдарын кооздоп каптоого жарайт.