КАРА-КОРУМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА-КОРУМ – байыркы моңгол мамлекети­нин борбор шаары. Орхон д-нын баш жагында жайгашкан. 1220-ж. Чыңгыз хан негиздеген. 1260-жылга чейин империянын борбору болгон. Моңгол хандарынын өз ара чабышынан көп жо­лу кыйраган. Юань династиясы кулаган (1380) соң, шаар катуу бүлүнгөн. 16-к-да ээн калган. К.-К-дун жайгашкан жерин 1889-ж. Н. М. Яд­ринцев аныктаган. Академик В. В. Радлов же­тектеген экспедиция шаардын планын алгач кагазга түшүргөн. 1948–49-ж. СССР ИАнын корр. мүчөсү С. В. Киселёв башкарган сов. – моңгол­дук, 2000-жылдан моңголдук-германиялык эк­спедиция казуу жумуштарын жүргүзгөн. Угэ­дэйдин ак сарайынын калдыктары ж. б. сак­талган.


Ад.: Древнемонгольские города. М., 1965; Тка­чев В. Н. Каракорум в XIII в. //Арабески истории. М., 1995. Кн. 2.