КАРАКОЛ УЛУТТУК ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРАКОЛ УЛУТТУК ЖАРАТЫЛЫШ ПАРКЫ Тескей Ала-Тоонун түн. капталында, Ысык-Көл өрөөнүнүн чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Ак- Суу р-нунун аймагында. 1997-ж. Каракол капчыгайынын ажайып табиятын коргоо мак­сатында уюшулган. Аянты 38256 га. Негизги максаты: Түн.-Чыгыш Кырг-нга мүнөздүү бол­гон өсүмдүктөр м-н жаныбарлар дүйнөсүн кор­гоо, табигый сакталышына ж-а калыбына ке­лишине, о. эле ал жерде калктын ж-а чет эл­дик туристтердин эс алуусуна шарт түзүү.
Өсүмдүктөр дүйнөсү 700 түрдөн туруп, а. и. 80 дарак-бадал өсүмдүктөрү өсөт. Жаныбарлары: элик, түлкү, суусар, арыс, тоо эчки ж. б., мын­дан сырткары Кырг-ндын Кызыл китебине кир­ген илбирс, кумай, ителги, көк жору, бүркүт кездешет. Парктын кооз түрдүү ландшафты ту­ристтерди ж-а эс алуучуларды өзүнө тартат.