КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ (минералдуу суу булактары): нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – Ош ж-а Нарын обл-нын чек арасындагы көмүр кычкыл газдуу минералдуу муздак суу булактары. Фергана тоо тизмегинин батыш ж-а чыгыш капталдарында. Булактардын жер астынан агып чыгып, газ бөлүп турушу жерг. элге илгертеден белгилүү болсо да, геол. изилдөө 1951-ж. жүргүзүлгөн. Булактар тоонун эки капталында болгондуктан, алар Батыш Каракол ж-а Чыгыш Каракол деп аталат. Б а т ы ш К а р ак о л Ош ш-нан 150 км чыгыш тарапта, Кара- Кулжа өрөөнүнүн батыш жагындагы Каракол суусунун оң өйүзүндө, деңиз деңг. 3100 м бийикте. Мында юра мезгилиндеги алевролит м-н кумдук катмарлары антиклиналь бүктөлүүсүн түзүп жатат. Суу бүктөлүүнүн оң канатынан булак түрүндө жер бетине чыгат. Ч ы г ы ш К а р ак о л Ат-Башы кыш-нан 115 км түш.-батыш тарапта, Арпа суусунун сол куймасы Караколдун боюнда, деңиз деңг. 3250 м бийикте. Мында силур мезгилиндеги мраморлошкон акиташ тектери синклиналь бүктөлүүсүн түзөт. Суу бүктөлүүнүн борб. бөлүгүндөгү тектон. жарака аркылуу, шагыл таштардын арасынан жер бетине булак түрүндө агып чыгат. Булактардын дебити 0,4–5 л/сек. Хим. курамы ж-а физ. касиеттери б-ча бул эки булак бири-биринен көп айыр-
маланбайт. Суусу муздак (5–9°), тузсуз, жытсыз, даамы кычкыл (pH 6,5) келип, курамы гидро-карбонат-кальций-магнийлүү. Жалпы минералдашы 0,91–1,16 мг/л. Суудан көмүр кычкыл газы бөлүнүп турат. Анын эриндисинин суудагы өлчөмү 560–916 мг/л (Батыш Каракол), 360–963 мг/л (Чыгыш Каракол). Минералданышы, хим. ж-а газдык курамы б-ча Батыш Каракол Кавказдагы белгилүү «Боржомиге» (Екатаран булагы) жакын, Чыгыш Каракол нарзан сууларына кирет.
К. Кожобаев.