КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ (дарылык касиети бар суу): нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРАКОЛ МИНЕРАЛДУУ СУУСУ – дарыланууга ж-а ичүүгө жарамдуу муздак суу булагы. Нарын обл-нун Ат-Башы р-нунда, Казыбек кыш-нан 65–70 км түш.-батышта. Какшаал кырка тоосунун түн. этегинде, Арпа ж-а Каракол (чыгыш) сууларынын кошулган жеринде. Деңиз деңг. 3200 м бийикте. Суу жерг. элге илгертен белгилүү. 1932-ж. геол. маалымат берилген. Кен аймагын палеозой м-н мезозойдо пайда болгон кумдук, чопо, сланец, акиташ тектери түзөт. Минералдуу булак юранын карбонаттуу кумдук, акиташ тектериндеги тектон. жаракадан агып чыгат. Суу тунук, көмүр кычкыл газдуу, бир аз туз даамданат. Темир гидрооксиди басымдуу болгондуктан, булак агып чыккан жердеги тектерде саргыч күрөң дат кездешет. Темп-расы 6°С. Курамы гидрокарбонат-сульфаткальций-магнийлүү. Дебити 5 л/сек.