КАРАКОЛ (Кочкор суусунун башаты): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРАКОЛ , Ч ы г ы ш К а р а к о л – Кочкор суусунун башаты. Кочкор р-нунун аймагында. Уз. 51 км, алабынын аянты 533 км2. Кыргыз Ала-Тоосунун түш. капталынан башталып, кууш тепши сымал капчыгай ж-а өрөөн аркылуу агат. Ири куймалары: Корумду, Үч-Куулук, Ийри-Суу. Булардан башка 30дан ашык майда куймасы ж-а алабында чакан (аянты 0,01 км2) көл бар. Жылдык орт. чыгымы 4,76 м3/сек; эң көбү 63,6 м3/сек, эң азы 0,16 м3/сек. Апрелдин аягында кире баштап, сентябрда тартылат. Сугатка пайдаланылат. Сол жээгинен Дөң-Алыш, Кара-Мойнок кыш. орун алган.