КАРАКОЛ (Кочкор суусунун башаты)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКОЛ , Ч ы г ы ш К а р а к о л – Кочкор суусунун башаты. Кочкор районунун аймагында. Узундугу 51 км, алабынын аянты 533 км2. Кыргыз Ала-Тоосунун түштүк капталынан башталып, кууш тепши сымал капчыгай ж-а өрөөн аркы­луу агат. Ири куймалары: Корумду, Үч-Куулук, Ийри-Суу. Булардан башка 30дан ашык майда куймасы ж-а алабында чакан (аянты 0,01 км2) көл бар. Жылдык орточо чыгымы 4,76 м3/сек; эң көбү 63,6 м3/сек, эң азы 0,16 м3/сек. Апрелдин аягында кире баштап, сентябрда тартылат. Су­гатка пайдаланылат. Сол жээгинен Дөң-Алыш, Кара-Мойнок кыштактары орун алган.