КАРАКОЛ (Ак-Суу районунун аймагы аркылуу аккан суу): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРАКОЛ – Ак-Суу р-нунун аймагы аркылуу аккан суу. Тескей Ала-Тоонун түн. капталынан башталып, Ысык-Көлгө куят. Уз. 50 км, алабы­нын аянты 394 км2. Башталышында мөңгүлүү, ортоңку бөлүгүндө карагайлуу капчыгай, аягын­да кенен түздүк аркылуу агат. Негизги куйма­сы – Кашка-Суу. Мындан тышкары алабында жалпы уз. 93 км келген 27 куймасы, жалпы аянты 0,99 км2 болгон 4 көл бар. Алардын эң чоңу Ала-Көл (аянты 0,84 км2). Көп жылдык орт. чыгымы 6,60 м3/сек; эң көбү 57,6 м3/сек, эң азы 0,38 м3/сек. Апрелдин аягында көбөйө баштап, июль–августта кирет, сентябрдын

Каракол суусунун ортоңку агымы.

аягында тартылат. Сугатка кеңири пайдаланы­лып, айыл-кыштактарды суу м-н камсыз кы­лат. Боюнан Каракол ш., Челпек, Бөрү-Баш, Бурма-Суу ж. б. кыш. орун алган.