КАРАКОЛ (Ак-Суу районунун аймагы аркылуу аккан суу)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАКОЛ – Ак-Суу районунун аймагы аркылуу аккан суу. Тескей Ала-Тоонун түндүк капталынан башталып, Ысык-Көлгө куят. Узундугу 50 км, алабы­нын аянты 394 км2. Башталышында мөңгүлүү, ортоңку бөлүгүндө карагайлуу капчыгай, аягын­да кенен түздүк аркылуу агат. Негизги куйма­сы – Кашка-Суу. Мындан тышкары алабында жалпы узундугу 93 км келген 27 куймасы, жалпы аянты 0,99 км2 болгон 4 көл бар. Алардын эң чоңу Ала-Көл (аянты 0,84 км2). Көп жылдык орточо чыгымы 6,60 м3/сек; эң көбү 57,6 м3/сек, эң азы 0,38 м3/сек. Апрелдин аягында көбөйө баштап, июль–августта кирет, сентябрдын

Каракол суусунун ортоңку агымы.

аягында тартылат. Сугатка кеңири пайдаланы­лып, айыл-кыштактарды суу м-н камсыз кы­лат. Боюнан Каракол шаары, Челпек, Бөрү-Баш, Бурма-Суу ж. б. кыштактар орун алган.