КАРА КОЙЛУУЛАР: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА КОЙЛУУЛАР (түркчө – кара-коюнлу; туусундагы кара кой сүрөтүнөн аталган) – 14– 15-к-да Ван көлүнүн түш. аймагын мекендеген огуз-түрк урууларынын бирикмеси ж-а ошол бирикме түзгөн мамлекеттин аталышы. К. к. уруулары адегенде Осмондор м-н Жалайирлерди колдоп, жардам берген. Тимур өлгөндөн (1405) кийин, К. к. Тимур тукумдарына, алардын союздашы Ак койлууларга ж-а Жалайирлерге каршы согушуп, Жалайирлерди ойрондоткон. Азербайжан, Ирак, Арменияны каратып, 1410-ж. К. к. мамлекетин негиздеген. Бирок К. к. 1435-ж. Тимур тукумдарынан ж-а ширваншахтар аскеринен жеңилип, Тимур тукумдарына күңкор болгон. Тимур тукумдарынын султаны Шахрух өлгөн (1447) соң, К. к. өздөрүн көз карандысыз деп жарыялап, 1453–57-ж. Батыш Иранды басып алган. 1467-ж. Ак койлуулар К. к. мамлекетин талкалап, 1468-ж. каратып алышкан.