КАРА КОЙЛУУЛАР
КАРА КОЙЛУУЛАР (түркчө – кара-коюнлу; туусундагы кара кой сүрөтүнөн аталган) – 14–15-кылымдарда Ван көлүнүн түштүк аймагын мекендеген огуз-түрк урууларынын бирикмеси ж-а ошол бирикме түзгөн мамлекеттин аталышы. Кара койлуулар уруулары адегенде Осмондор м-н Жалайирлерди колдоп, жардам берген. Тимур өлгөндөн (1405) кийин, Кара койлуулар Тимур тукумдарына, алардын союздашы Ак койлууларга ж-а Жалайирлерге каршы согушуп, Жалайирлерди ойрондоткон. Азербайжан, Ирак, Арменияны каратып, 1410-жылы Кара койлуулар мамлекетин негиздеген. Бирок Кара койлуулар 1435-жылы Тимур тукумдарынан ж-а ширваншахтар аскеринен жеңилип, Тимур тукумдарына күңкор болгон. Тимур тукумдарынын султаны Шахрух өлгөн (1447) соң, Кара койлуулар өздөрүн көз карандысыз деп жарыялап, 1453–57-жылдарда Батыш Иранды басып алган. 1467-жылы Ак койлуулар Кара койлуулар мамлекетин талкалап, 1468-жылы каратып алышкан.