КАРАКЕЕВ Туйту: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРАКЕЕВ Туйту Жусупович (25. 6. 1938, азыркы Чүй обл., Чүй р-ну, Кош-Коргон айылы – 5.8.1988, ошол эле жер) – философ, философия илимд. доктору (1979), проф. (1986). КМУну (1960), ИАнын аспирантурасын (1970) бүткөн. 1960–63-ж. Нарын обл-нун Кочкор р-нундагы Кара-Кужур жатак-мектебинин мугалими, 1963– 68-ж. Чүй р-нунун Кош-Коргон, Кара-Дөбө мектептеринин директору, 1968–75-ж. Кыргыз ССР ИАнын Философия ж-а укук ин-тунда кенже ил. кызматкер, 1975–86-ж. улук ил. кызматкер, сектор башчысы, 1986–88-ж. Тарыхый материализм ж-а ил. коммунизм бөлүмүнүн башчысы, 1988-ж. Философия ж-а укук ин-тунда директор болуп иштеген. Социалдык философия тармагындагы ири адис. 100дөн ашуун ил. эмгектин (а. и. 9 монография) автору. Кош-Коргон орто мектебине анын ысмы ыйгарылган.
Эмг.: Рухий турмуштун айрым жагдайлары. Ф.,
1971. Семантические аспекты диалектики социального развития (цивилизация и ее отражение в общественном сознании). Ф., 1978; Диалектика развития духовного потенциала советского общества. Ф., 1984.