КАРА (КАРСКИЙ) ДЕҢИЗИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КА́РА (КА́РСКИЙ) ДЕҢИЗИ (деңизге куйган Кара д-нын атынан) – Түн. Муз океандагы чет­ки деңиз. Батыш Сибирь түздүгү, Жаңы-Жер, Франц Иосиф Жери ж-а Түн. Жер а-нын аралы­гында. Батышында Кара Капкасы, Маточкин Шар кысыктары аркылуу Баренц деңизи, чыгы­шында Вилкицкий кысыгы, Түн. Жер а-нын ара­лыгындагы кысыктар аркылуу Лаптевдер деңи­зи м-н туташат. Түш.-батыштан түн.-чыгышка 1500 кмге созулат. Эң жазы жери 800 км (түн. бөлүгүндө). Аянты 883 миң км2. Суусунун көлө­мү 98 миң км3. Басымдуу тереңдиги 30–100 м, эң терең жери 620 м. Ири булуңдары: Обь, Гы­дань ж-а Байдата колтуктары, Енисей, Пясина, булуңдары; аларга Обь, Енисей Пясина, Кара д. куят. Аралдардын көбү (жалпы аянты 1000 кмге жакыны) деңиздин түн.-чыгышында (Манин шхери, Норденшельд архипелагы ж. б. 70тен ашык арал) ж-а борб. бөлүгүндө (Арктика ин­ту, БАК кабарлары, Сергей Киров, Визе, Уша­ков, Шмидт ж. б. аралдар). К. д. материктик тайыздыкта (шельфте) жайгашкан, ошондуктан деңиздин 40%ке чейинки аянтынын тереңдиги 50 мден ашпайт, 2%и гана 500 мден терең. К. д-нин акваториясын бир нече жолу суу капта­ган; азыркы турпаты плейстоцен муз каптоосу чегингенден кийин калыптанган. Деңизде газ­дын ж-а газ конденсатынын зор кендери (Ле­нинград, Русанов) ачылган.
Климаты арктикалык, катаал; жылына 3–4 ай уюлдук түн, 2–3 ай уюлдук күн болот. 0°Сден төмөнкү темп-ра деңиздин түн. бөлүгүндө 9–10 ай, түштүгүндө 7–8 ай кармалат. Февралда аба­нын орт. темп-расы Жаңы Жердин жээгинде –18°Сден Түн. Жердин жээгинде –26°Сге чейин, Челюскин тумшугунда минимуму –52°С каттал­ган, августтуку түндүгүндө 0°Сден түштүгүндө 6°Сге чейин, материктик жээгинде максимуму 16°С катталган. Кышында катуу шамал, бурга­нак, жайында туман болуп турат. Жылдын ба­сымдуу бөлүгүндө муз м-н капталат.
Суу массасы өтө муздак; суу катмарынын ба­сымдуу бөлүгүндө темп-ра –1,5°Сден төмөн; терең (150–200 м) кобулдарда гана Арктиканын ала­бына кирген атлантикалык жылуу агымдын


таасиринен суунун темп-расы 2,5°Сди түзөт. Кышында муз катмарынын астындагы суусунун темп-расы –1,5––1,7°С; жайында деңиздин үстүнкү катмарындагы муз арасында темп-ра бир аз гана жогору болот; ал эми муздан арылган түш.-батыш бөлүгүндө 6°Сге чейин жылыйт, түндүгүндө 2°С. Деңизге Обь, Эне-Сай, Пясина, Пур, Таз д. жылына 1300 км3 суу алып келген­диктен ж-а жайында муздун эришинен анын үстүңкү катмарынын суусу кыйла тузсузданат. Деңизге дарыялар куйган жерлерде К. д-нде 160 см калыңдыктагы тузсуз суу катмарын пайда кылышы мүмкүн, бул болсо дүйнө деңиздери­нин ичинен эң жогорку көрсөткүч (Дүйнөлүк океанда бул көрсөткүчтүн орт. өлчөмү 10 смди гана түзөт). Туздуулугу дарыя чаттарына жа­кын 10–12‰, түндүгүндө 33‰ге чейин. Ташкын суткасына 2 жолу (бийикт. 1 мге чейин) болот. Балык (треска, сига, чабак, камбала) кармалат. К. д. Түндүк деңиз жолунун бир бөлүгү. Портто­ру: Диксон, Амдерма; Дудинка ж-а Игарка (Эне-Сайда). Деңиз кемелери Эне-Сай м-н Дудин­ка, Игарка ш-на чейин жете алат. Деңиз аква­ториясынын жалпы экол. абалы негизинен ка­нааттандырарлык, бирок ири булуңдарда, де­ңиз флоту топтолгон ж-а кен казып алынган жерлерде нефть продуктуларынын ж-а оор ме­таллдардын калдыктарынын ашыкчалыгы бай­калат.


Ад.: Советская Арктика. Моря и острова Северного Ледовитого океана. М., 1970; Залогин Б. С., Косарев А. Н. Моря. М., 1999; Геология и полезные иско­паемые шельфов России /Под. ред. М. Н. Алексеева. М., 2002; Мазарович А. О. Строение дна Мирового океана и окраинных морей России. М., 2006.

Ы. Токторова.