КАРАКАЛПАК РЕСПУБЛИКАСЫ: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРАКАЛПАК РЕСПУБЛИКАСЫ , К а р а к а лп а к с т а н Өзбекстандын курамында. Аянты 164,9 миң км2. Калкы 1,3 млн (1993); негизинен каракалпактар, о. эле өзбек, казак ж. б. улут
өкүлдөрү жашайт. Борбору – Нукус ш. К. Р-нын
курамында 12 шаар, 14 шаарча бар. Шаар калкы 49%. Ири шаарлары: Нукус, Бируни, Хажейли ж. б.
К. Кызыл-Кум чөлүнүн түн.-батышын, Үстүрт
платосунун түш.-чыгыш бөлүгүн, Аму-Дарыянын дельтасын ээлейт. Жери түзөң. Айрым жерлеринде гана тоо массивдери кездешет (ириси Султануиздаг, бийикт. 473 мге чейин). Аму-Дарыянын дельтасы баткактуу; майда көлдөрү бар. 1980-жылдардын аягында экол. кыйроого учураган аймак деп жарыяланган. Климаты кескин континенттик. Январдын орт. темп-расы –
5°С, июлдуку 27°С. Жылдык жаан-чачыны 100 мм. Кыз-Кеткен ж. б. каналдар курулган. Курулуш материалдары, фосфорит, түстүү металл, тальк, графит ж-а кайнатма туз казылып алынат. Аму-Дарыянын дельтасында шалбаалуу сары, Кызыл-Кумда кумдуу боз, Үстүрттө бозомук күрөң ж-а шор топурак басымдуу. Чөл
өсүмдүктөрү (сөксөөл, шыбак ж. б.), токой (терек, жийде, тал, камыш ж. б.) өсөт.
К-да адамдар неолит доорунан жашайт. 16-кдын аягында о. азиялык жазууларда каракалпактар өз алдынча эл катары көрсөтүлгөн. Алар 17-к-да, 18-к-дын ортосунда Сыр-Дарыянын ортоңку ж-а төмөнкү агымын мекендеп, жарым көчмөн турмушта жашаган. Хива хандары 1811-ж. каракалпактарды каратып, аларды Сыр-Дарыянын төмөн жагына көчүрүшкөн. К. 1873-ж. Россияга кошулган. 1917-ж. совет бийлиги орнотулуп, 1918-ж. апрелде Түркстан АССРинин курамына кирген. 1920-ж. Хива хандыгынын аймагында Хорезм Сов. Эл Респ. түзүлүп, сол жээкте отурукташкан каракалпактар анын курамына өткөн. О. Азиядагы улуттукмамл. чек салып бөлүшүүнүн жүрүшүндө К. биригишип, 1925-ж. февралда Казак АССРинин курамында Каракалпак АОсу уюшулган (1930- жылдын июлунан РСФСРдин курамында). 1932-ж. мартта Каракалпак АССРи болуп кайрадан түзүлгөн. 1936-жылдын декабрынан Өзбек ССРинин курамында. 1992-жылдын январынан азыркыдай аталып, Өзбекстан Респ-нын курамында. Пахта тазалоочу, кебез-кездеме, майжуаз, курулуш материалдар, металл иштетүү өнөр жай ишканалары иштейт. Сугат дыйканчылыгы (гозо, шалы, беде), бакчачылык, жашылчачылык, мал чарбачылыгы (каракөл кою, бодо мал), жибекчилик өнүккөн. Жапайы айбанаттар да багылат. Тахиаташ ГРЭСи иштейт. К-дын аймагы аркылуу О. Азия м-н Россиянын борб. бөлүгүн байланыштырган Бухара – Урал т. ж-у,
О. Азия – Борбор газ кууру өтөт. Аму-Дарыяда,
Арал деңизинде кеме жүрөт.