КАРА-ЖЫЛГА МАРГАНЕЦ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА-ЖЫЛГА МА́РГАНЕЦ КЕНИ Жалал-Абад обл-нун Аксы р-нунда, Таш-Көмүр ш-нан 15 км түндүктө, Бозбу-Тоодо жайгашкан. Кен 1950-ж. ачылып, геол. иштер жүргүзүлгөн. Кен аймагы девон мезгилинде пайда болгон акиташ, фель­зит, альбитофир, кварцтуу порфир ж-а алардын туфтарынан түзүлгөн. Акиташ м-н эффузивдер­дин тийишкен жерин бойлоп марганец кента­шынантурганүчучасткасозулупжатат.1-участ­ка уз. 60 м, туурасы 27 м; 2-участка – уз. 15 м, туурасы 0,5 м; 3-участка – уз. 15 м, туурасы 4 м. Кенташ кварц, кальцит, пиролюзит минерал­дарынан турат. Марганецтин орт. өлчөмү 14,4%. Кенташтын болжолдуу запасы 1728 миң т, мар­ганецтики – 248,8 миң т.