КАРА ЖЫГАЧТАР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА ЖЫГАЧТАР (Ulmaceae) – эки үлүштүү өсүмдүк тукуму; жалбырак күбүмө же дайыма жашыл дарактар. Гүлү майда, көрксүз, боочодой, топ гүлү башча же чачыдай, кээде жалбырак колтугунда 1–3 гана гүлү болот. Шамал аркылуу чаңдашат. Мөмөсү – канатчалуу жаңгакча же сөөкчө. Тропик ж-а мелүүн алкактарда 15 урууга кирген 150 түрү бар. КМШ өлкөлөрүндө 3 урууга бириккен 13, Кырг-нда кара жыгач ж-а каркас уруусундагы 7 түрү өсөт. К. жашылдандырууда ж-а токой өстүрүүчүлүктө эң маанилүү. Жыгачы курулушта, машина курууда ж-а эмерек <contr>өнөр жай<contr>ында керектелет.