КАРА-ДӨБӨ (Кадамжай районун­дагы кыштак): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА-ДӨБӨ – Баткен обл-нун Кадамжай р-нун­дагы кыштак. А. Масалиев атн. айыл округуна караштуу. Кадамжай – Кызыл-Кыя автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 930 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыш-нан 34 км чыгыш тарапта. Кызыл-Кыя т. ж. беке­тинен 7 км. Калкы 3572 (2007); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгекте­нет. Орто мектеп, китепкана, мад-т үйү, бала бакча, мончо, мечит бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү, тамак­тануучу жайлар иштейт. В. И. Ленинге барельеф ж-а Улуу Ата Мекендик согушта курман бол­гондорго эстелик тургузулган.