КАРА ДАРЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА ДАРЫ – жарылуучу зат. Ал 75% калий нитратынын аралашмасынан, 13% жыгач кө­мүрүнөн ж-а 12% көмүрдөн турат. Ар бир ингре­диент алгач майдаланат, анан аралаштырылат ж-а алынган аралашма нымдалып, дагы бир жолу майдаланат. Алынган масса белгилүү өл­чөмгө чейин ныкталып, анан кургатылат. Жа­рылуу учурунда күйбөй калган күкүрттүн ж-а жыгач көмүрүнүн калдыгы кошулуп, жарылуу­дан кийинки түтүндү пайда кылат. К. д. 10-к-га чейин кытайлар м-н арабдарга белгилүү болгон.
Ал эми Европада 14-к-дан баштап, 1904-ж. че­йин согуштук иш-аракеттерде колдонулган. Азыр К. д. дээрлик колдонулбайт.