«КАРАГУЛ БОТОМ»: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
«КАРАГУЛ БОТОМ» – кыргыз элинин лирикаэпикалык дастаны; дастанды коштоп, кээде өз алдынча аткарылуучу комуз же темир комуз күүсү. Дастанда турмушта болуп өткөн окуя сүрөттөлөт. Ашыр аттуу мергенчинин 5 уулу болот: «экөө (Убагул, Эрегул) айтышып жүрүп, доодо өлөт, экөө (Байыргул, Дүйшөгул) атышып жүрүп, жоодо өлөт». Мергенчи жалгыз уулу Карагулду эликтин чаарчыгы деп байкоосуздан атып алышы, ошондо кошулган кошок чыгарманын негизги өзөгүн түзөт. Анда эң акыркы үмүт-тилегинен айрылган абышка-кемпирдин оор кайгысы баяндалат. «К. б.» окуясынан байыркы элдик тотемдик, анимисттик түшүнүктөр (кайберендин каргышы Карагулду атасына аттырды деген) сезилип турат. «К. б-дун» ыр (кошок) ж-а кара сөз түрүндөгү 5 варианты бар, а. и. Калык Акыев ж-а Сарыкунан (Сагынбек Дыйканбаев) айткан варианттар толук ж-а жогорку көркөмдүккө ээ. Калык «К. б-дун» маанисин тереңдетип, көркөмдүгүн арттыруу м-н оригиналдуу иштеп чыккан. Анын варианты Сарыкунандыкына сюжеттик өзөгү дал келгени мн чыгарманын ар учурун баяндоодо өз алдынча чечмелеген табылгалар арбын. «К. б.» күүсүн комузчу А. Эшмамбетов мыкты аткарган. «К. б.» дастаны А. Айталиевдин, О. Кутманалиевдин аткаруусунда кыргыз радиосунун алтын фондусунда сакталып турат.