КАРАГАНДЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРАГАНДЫ – Казакстандагы шаар (1934-жыл­дан). Караганды обл-нун адм. борбору. Казак Сары-Аркасынын борб. бөлүгүндө жайгашкан. Калкы 429,2 миң (2008); калкынын саны ж-а чоңдугу б-ча 4-шаар (Алматы, Астана, Чым­кенттен кийин). Жол тоому. Т. ж. бекети. Эл аралык аэропорту бар. Шаар 19-к-да Караганды көмүр бассейнинин ачылышына байланыштуу анын борборунда шахтёрлор отурукташкан жер катары негизделген. 1931-ж. шаарча статусун алган. 1934-жылдан шаар, 1936-жылдан облус борбору. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде СССРдеги көмүр казып алуунун ири борборуна айланган. 1930–50-жылдарда түзөтүү-эмгек ла­гери болгон. <contr>Өнөр жай<contr>ынын башкы тармагы – көмүр казып алуу (негизинен коксталуучу көмүр). К-да «Караганда көмүр» бирикмесинин штаб­квартирасы жайгашкан. Тоо-шахта жабдуулар өндүрүшү, машина куруу, электр-тех., жеңил ж-а тамак-аш, полигр. өнөр жай ишканалары, муз. аспаптар өндүрүшү ж-а ГРЭС иштейт. Казакстан ИАнын бөлүмү (бир нече ИИИни камтыйт), 15 ЖОЖ (а. и. мамл. ун-ттер), китепканалар, край таануу музейи, 3 театр (а. и. казак, орус дра­ма), филармония, цирк бар. Ботан. бак ую­шулган.