КАРАВЕЛЛА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

13:12, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРАВЕ́ЛЛА (итал. caravella) – бир палубалуу, бийик борттуу, маңдайкы ж-а арткы бөлүгүндө курулмалары бар парустуу деңиз кемеси. 13–17- к-да Жер ортолук деңизиндеги өлкөлөрдө (Ита­лия, Испания ж-а Португалия) соода жүргүзүү

Х. Колумбдун «Санта-Мария» каравелласы.

үчүн кеңири колдонулган. К. 3–4 мачталуу ж-а эки алдыңкы мачталары түз парустуу, ал эми арткы (бизань) мачтасы латын парусунан ту­рат. Латын парусунун түз парустан айырмасы – мачтага тик эмес, кеменин огуна жарыш жай­гашкан. Мындай кеме м-н 1442-ж. Христофор


Колумб Атлантика океаны аркылуу сүзүп өткөн, 1498-ж. Васко да Гамма Европадан Индияга сая­кат жасаган. Ал эми Фердинандо Магеллан 1922-ж. Жерди айланып чыккан.