КАРАВЕЛЛА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАВЕ́ЛЛА (итал. caravella) – бир палубалуу, бийик борттуу, маңдайкы ж-а арткы бөлүгүндө курулмалары бар парустуу деңиз кемеси. 13–17-кылымдарда Жер ортолук деңизиндеги өлкөлөрдө (Ита­лия, Испания ж-а Португалия) соода жүргүзүү

Х. Колумбдун «Санта-Мария» каравелласы.

үчүн кеңири колдонулган. Каравелла 3–4 мачталуу ж-а эки алдыңкы мачталары түз парустуу, ал эми арткы (бизань) мачтасы латын парусунан ту­рат. Латын парусунун түз парустан айырмасы – мачтага тик эмес, кеменин огуна жарыш жай­гашкан. Мындай кеме м-н 1442-жылы Христофор

Колумб Атлантика океаны аркылуу сүзүп өткөн, 1498-жылы Васко да Гамма Европадан Индияга сая­кат жасаган. Ал эми Фердинандо Магеллан 1922-жерди Жерди айланып чыккан.