ЙОГА ГИМНАСТИКАСЫ: нускалардын айырмасы
мNo edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЙОГА | <b type='title'>ЙОГА ГИМНАСТИКАСЫ</b> – Индиядагы байыр­кы жана орто кылымдарда түзүлгөн диний-философиялык окуу системасынын атайын гимнастикалык көнүгүүлөрдү камтыган түрү. Мында адам ар түрдүү позалардын, гимнастикалык көнүгүү­лөрдүн негизинде өзүнүн техникасын жана физиологиялык процесстерин толугу менен башкарууга умтулат. Йогалар өздөрүнүн дем алуу системасын, жүрөгү­нүн иштешин башкара алат. «Йога» деген сөз жалдырап тиктөө, терең ойлонуу дегенди түшүн­дүрөт. Йога беш бөлүктөн турат: философиялык дем алуунун ыкмаларын колдонуу; тазалыкты сак­тоо жана тамак ичпей, ички организмди тазалоо; отуруп терең ойлонуп, бир жерди тиктөө (меди­атация); дененин кыймылы менен аткарылган гим­настикалык көнүгүүлөр жана позалар. Дене тар­бияга тиешелүү бөлүгү хатха-йога деп аталат, андан ар түрдүү позалар (лотос, шамчырак, май­мыл, арстан жана ушул сыяктуу), ошондой эле көнүгүүлөр аркы­луу денени чыңдап, кишинин дене-күч сапатта­рын (күчтүүлүктү, шамдагайлыкты) өнүктүрүүгө болот. Йога менен машыккандар ооруга көп чал­дыгышпайт, тез сакайышат жана көп жашайт. | ||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
05:04, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ЙОГА ГИМНАСТИКАСЫ – Индиядагы байыркы жана орто кылымдарда түзүлгөн диний-философиялык окуу системасынын атайын гимнастикалык көнүгүүлөрдү камтыган түрү. Мында адам ар түрдүү позалардын, гимнастикалык көнүгүүлөрдүн негизинде өзүнүн техникасын жана физиологиялык процесстерин толугу менен башкарууга умтулат. Йогалар өздөрүнүн дем алуу системасын, жүрөгүнүн иштешин башкара алат. «Йога» деген сөз жалдырап тиктөө, терең ойлонуу дегенди түшүндүрөт. Йога беш бөлүктөн турат: философиялык дем алуунун ыкмаларын колдонуу; тазалыкты сактоо жана тамак ичпей, ички организмди тазалоо; отуруп терең ойлонуп, бир жерди тиктөө (медиатация); дененин кыймылы менен аткарылган гимнастикалык көнүгүүлөр жана позалар. Дене тарбияга тиешелүү бөлүгү хатха-йога деп аталат, андан ар түрдүү позалар (лотос, шамчырак, маймыл, арстан жана ушул сыяктуу), ошондой эле көнүгүүлөр аркылуу денени чыңдап, кишинин дене-күч сапаттарын (күчтүүлүктү, шамдагайлыкты) өнүктүрүүгө болот. Йога менен машыккандар ооруга көп чалдыгышпайт, тез сакайышат жана көп жашайт.