ЙАКУБ БЕК: нускалардын айырмасы
vol3>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ЙАКУБ БЕК</b> , М у х а м м е д Й а к у б - б е к, Ж а к ы п б е к Бадөөлөт Мирлатифбек уулу (1820, Кокон хандыгы, Пскент | <b type='title'>ЙАКУБ БЕК</b> , М у х а м м е д Й а к у б - б е к, Ж а к ы п б е к Бадөөлөт Мирлатифбек уулу (1820, Кокон хандыгы, Пскент шаары – 1877, Чы­гыш Түркстан, Комул) – Чыгыш Түркстандагы <i>Жети-Шаар</i> мамлекетинин башкаруучусу. Оозе­ки маалыматтарда кыргыздын кыпчак уруусу­на караштуу тору айгыр уругунан экени айты­лат. 1851-жылы Кокон хандыгы тарабынан Ак- Мечит (азыркы Кызыл-Ордо) шаарына бек болуп да­йындалган. 1852-жылы Ак-Мечитке кол салган пол­ковник Бларамбергдин колуна катуу сокку бер­ген. Кийин «Сары-Камыш көлүн орус өкмөтүнө сатты» деген айып м-н өлүм жазасына бую­рулуп, бирок <i>Алымкул</i> аталыктын жардамы м-н Бухарага качкан (1853). <i>Кудаяр</i> хан тактан түш­көндө (1858) Коконго кайтып келген. Кудаяр хан экинчи жолу бийликке келгенде (1862), Йакуб бек кайрадан өлүм жазасына буюрулган. 1863-жылы Алымкул аталык ага ордо кызматынын бирин берген. 1864-жылы Чыгыш Түркстанда Цин баскын­чылыгына каршы көтөрүлүш башталып (к. <i>Дуң­ган көтөрүлүшү, Дуңган хандыгы</i>), «Канкожо» деген ат м-н кара тоолук кожо Рашид-ад Дин хан шайланган. Анын иниси Искак кожо кол башчы болуп, бул жактагы шаарларды кытай аскеринен бошото баштаганда, кара тоолуктар­га каршы Кашкардын беги Сыдыкбек (бул дагы кыпчактын тору айгыр уругунан) жардам су­рап, Кокон хандыгына кайрылган. Ушундай учурдан пайдаланып, аларды өз таасирине алуу­ну көздөгөн Алымкул ал жакка актоолук (к. «<i>Ышкиййа тарыкаты</i>») кожо – Жааңгер­дин тукуму Бузурукту жиберген. 1864-жылы Бузу­рук кожо Йакуб бектин ж-а Алымкулдун тууганы Алдаштын коштоосунда 60 киши м-н Кашкар­га киргенде, Сыдыкбек бийликти Бузурук ко­жого берген. Йакуб бек баатыр-башы кызматын алып, Кашкардын айланасында жети шаарды басып алган (ошондуктан кийин тарыхта «Жети-Шаар мамлекети» деп аталат). Бузурук кожону күч м-н Мекеге жиберип, өзүн Жети-Шаар мамлеке­тинин башчысы – «Йакуббек бадавлат» («бай дөөлөт» – дөөлөт ээси) деп жарыялаган (1866). 1867-жылы Йакуб бек Чыгыш Түркстандагы Кашкар, Жаркент, Котон, Аксу ж. б. шаарларды биротоло баш ийдирген ж-а тышкы саясатында Англия м-н Россиянын ортосундагы карама-каршылыкты пайдаланган. Россиядан Жети-Шаар мамлеке­тин расмий таанууну, өздөрүнө курал-жарак са­тууну ж-а Түркстан, Жети-Суудан Жети-Шаар­га өтүүнү каалоочуларга тоскоолдук кылбоону сураган. Бирок орус өкмөтүнүн Йакуб бек м-н мами­ле түзүү аракети оңунан чыккан эмес. Россияга каршы кыргыз манаптарын колдоп (к. <i>Үмөтаа­лы</i> Ормон уулу, <i>Осмон</i> Тайлак уулу), Ат-Ба­шыны өзүнүкү деп эсептеп, Кара-Кужур, Соң- Көлдү алууга ниеттенген. Сарыбагыштын мана­бы Адыл, бугудан Балбай баатыр, солтодон Май­мыл м-н сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ал үч урууну орус баскынчыларына каршы көтөрүүгө чакы­рат, бул кеңеште Шабдан да болгон. Аны м-н байланышы бар деген орус бийлиги Адыл, Бал­бай баатырларды кармап, Верный шаарына жөнөтүп, Маймылды Олуя-Атада атып өлтүрүшкөн. Ошол эле убакта Йакуб бек Форсайт баштаган Англия элчилигин жылуу кабыл алып (1870), ачык эле Түркия м-н Британияга ыктай баштаган. Жети- Шаардын туусу Түркиянын желеги болуп, түрк султаны Абдул-Азиздин атынан тыйын чыга­рылып, түрк султаны ага эмир даражасын ый­гарган. Кашкар шаарынын атынан Мекеге сарай сал­дырган. 1870-жылы Йакуб бек өз ээлигин дагы кеңейтүү максатында Кулжага кол салган. Орус бийли­гинен катуу запкы тартып жатышкан кыргыз, казактар аны тирек кылып, көбү Чыгыш Түркстанга качышкан. Орус бийлиги аларды кайра кайтарууну талап кылат, бирок ал атка­рылган эмес. Натыйжада, 1871-жылы июль айында генерал Колпаковский 3 отряд аскерин Кулжага кийрип, Иле аймагын караткан ж-а Таранчы султандыгы жоюлган. Йакуб бек м-н Россия үчүн пай­далуу соода келишими түзүлгөн (1872). 1874-жылы Англия м-н келишим түзүлүп, ал Кашкардын көз карандысыздыгын ж-а Йакуб бектин бийлигин таа­ныган. Анын аскеринин басымдуу бөлүгү кыр­гыз, казактардан турган. 1877-жылы Комулга жа­кын жерде капысынан кайтыш болгон. | ||
алган (ошондуктан кийин тарыхта «Жети-Шаар мамлекети» деп аталат). Бузурук кожону күч м-н Мекеге жиберип, өзүн Жети-Шаар мамлеке­тинин башчысы – «Йакуббек бадавлат» («бай дөөлөт» – дөөлөт ээси) деп жарыялаган (1866). 1867- | |||
карандысыздыгын ж-а | |||
| 9 сап: | 5 сап: | ||
<p align='right'><i type='author'>Э. Турганбаев.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Э. Турганбаев.</i></p> | ||
[[Категория:3-том, 673-784 бб]] | [[Категория:3-том, 673-784 бб]] | ||
03:15, 30 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
ЙАКУБ БЕК , М у х а м м е д Й а к у б - б е к, Ж а к ы п б е к Бадөөлөт Мирлатифбек уулу (1820, Кокон хандыгы, Пскент шаары – 1877, Чыгыш Түркстан, Комул) – Чыгыш Түркстандагы Жети-Шаар мамлекетинин башкаруучусу. Оозеки маалыматтарда кыргыздын кыпчак уруусуна караштуу тору айгыр уругунан экени айтылат. 1851-жылы Кокон хандыгы тарабынан Ак- Мечит (азыркы Кызыл-Ордо) шаарына бек болуп дайындалган. 1852-жылы Ак-Мечитке кол салган полковник Бларамбергдин колуна катуу сокку берген. Кийин «Сары-Камыш көлүн орус өкмөтүнө сатты» деген айып м-н өлүм жазасына буюрулуп, бирок Алымкул аталыктын жардамы м-н Бухарага качкан (1853). Кудаяр хан тактан түшкөндө (1858) Коконго кайтып келген. Кудаяр хан экинчи жолу бийликке келгенде (1862), Йакуб бек кайрадан өлүм жазасына буюрулган. 1863-жылы Алымкул аталык ага ордо кызматынын бирин берген. 1864-жылы Чыгыш Түркстанда Цин баскынчылыгына каршы көтөрүлүш башталып (к. Дуңган көтөрүлүшү, Дуңган хандыгы), «Канкожо» деген ат м-н кара тоолук кожо Рашид-ад Дин хан шайланган. Анын иниси Искак кожо кол башчы болуп, бул жактагы шаарларды кытай аскеринен бошото баштаганда, кара тоолуктарга каршы Кашкардын беги Сыдыкбек (бул дагы кыпчактын тору айгыр уругунан) жардам сурап, Кокон хандыгына кайрылган. Ушундай учурдан пайдаланып, аларды өз таасирине алууну көздөгөн Алымкул ал жакка актоолук (к. «Ышкиййа тарыкаты») кожо – Жааңгердин тукуму Бузурукту жиберген. 1864-жылы Бузурук кожо Йакуб бектин ж-а Алымкулдун тууганы Алдаштын коштоосунда 60 киши м-н Кашкарга киргенде, Сыдыкбек бийликти Бузурук кожого берген. Йакуб бек баатыр-башы кызматын алып, Кашкардын айланасында жети шаарды басып алган (ошондуктан кийин тарыхта «Жети-Шаар мамлекети» деп аталат). Бузурук кожону күч м-н Мекеге жиберип, өзүн Жети-Шаар мамлекетинин башчысы – «Йакуббек бадавлат» («бай дөөлөт» – дөөлөт ээси) деп жарыялаган (1866). 1867-жылы Йакуб бек Чыгыш Түркстандагы Кашкар, Жаркент, Котон, Аксу ж. б. шаарларды биротоло баш ийдирген ж-а тышкы саясатында Англия м-н Россиянын ортосундагы карама-каршылыкты пайдаланган. Россиядан Жети-Шаар мамлекетин расмий таанууну, өздөрүнө курал-жарак сатууну ж-а Түркстан, Жети-Суудан Жети-Шаарга өтүүнү каалоочуларга тоскоолдук кылбоону сураган. Бирок орус өкмөтүнүн Йакуб бек м-н мамиле түзүү аракети оңунан чыккан эмес. Россияга каршы кыргыз манаптарын колдоп (к. Үмөтаалы Ормон уулу, Осмон Тайлак уулу), Ат-Башыны өзүнүкү деп эсептеп, Кара-Кужур, Соң- Көлдү алууга ниеттенген. Сарыбагыштын манабы Адыл, бугудан Балбай баатыр, солтодон Маймыл м-н сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ал үч урууну орус баскынчыларына каршы көтөрүүгө чакырат, бул кеңеште Шабдан да болгон. Аны м-н байланышы бар деген орус бийлиги Адыл, Балбай баатырларды кармап, Верный шаарына жөнөтүп, Маймылды Олуя-Атада атып өлтүрүшкөн. Ошол эле убакта Йакуб бек Форсайт баштаган Англия элчилигин жылуу кабыл алып (1870), ачык эле Түркия м-н Британияга ыктай баштаган. Жети- Шаардын туусу Түркиянын желеги болуп, түрк султаны Абдул-Азиздин атынан тыйын чыгарылып, түрк султаны ага эмир даражасын ыйгарган. Кашкар шаарынын атынан Мекеге сарай салдырган. 1870-жылы Йакуб бек өз ээлигин дагы кеңейтүү максатында Кулжага кол салган. Орус бийлигинен катуу запкы тартып жатышкан кыргыз, казактар аны тирек кылып, көбү Чыгыш Түркстанга качышкан. Орус бийлиги аларды кайра кайтарууну талап кылат, бирок ал аткарылган эмес. Натыйжада, 1871-жылы июль айында генерал Колпаковский 3 отряд аскерин Кулжага кийрип, Иле аймагын караткан ж-а Таранчы султандыгы жоюлган. Йакуб бек м-н Россия үчүн пайдалуу соода келишими түзүлгөн (1872). 1874-жылы Англия м-н келишим түзүлүп, ал Кашкардын көз карандысыздыгын ж-а Йакуб бектин бийлигин тааныган. Анын аскеринин басымдуу бөлүгү кыргыз, казактардан турган. 1877-жылы Комулга жакын жерде капысынан кайтыш болгон.
Ад.: Веселовский Н. Бадаулет Якуб-бек Аталык Кашгарский. СПб., 1898; Куропаткин А., Кашгария. СПб., 1879; Тихонов Д. И. Восстание 1864 г. в Восточном Туркестане. М., 1948; Кузнецов В. С. Империя Цин и Мусульманский мир. Новосибрск, 1990; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993; Халид К. Тауарих-хамса. А., 1992.
Э. Турганбаев.