ИСФАХАН: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИСФАХА́Н</b> – Ирандын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Исфахан останынын (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Зайендеруд дарыясынын боюнда. Калкы 1, | <b type='title'>ИСФАХА́Н</b> – Ирандын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Исфахан останынын (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Зайендеруд дарыясынын боюнда. Калкы 1,9 млн (2016). Жолдор тоому. Метрополитен куру­лууда. Эл аралык аэропорту бар. Өлкөдөгү экин­чи (Тегерандан кийинки) соода-өнөр жай борбору. Исфахан 16-кылымдын аягынан 18-кылымга чейин Ирандын бор- | ||
08:09, 23 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИСФАХА́Н – Ирандын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Исфахан останынын (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Зайендеруд дарыясынын боюнда. Калкы 1,9 млн (2016). Жолдор тоому. Метрополитен курулууда. Эл аралык аэропорту бар. Өлкөдөгү экинчи (Тегерандан кийинки) соода-өнөр жай борбору. Исфахан 16-кылымдын аягынан 18-кылымга чейин Ирандын бор-

бору болгон. Антика мезгилинин географтары «Аспадан» деген ат м-н эскерет. Исфахан 10–13-кылымдарда Жакынкы Чыгыштагы эң ири шаарлардын бири. Текстиль (көбүнчө жүн), тамак-аш, цемент, химия өнөр жай ишканалары, металлургия заводу иштейт.
Университет бар. Шаардын эски бөлүгү көркөм кол өнөрчүлүктүн ж-а миниатюранын борбору. Чоң мечит (9–20-кылымдар), минарет (11–12-кылымдар), мавзолейлер (14–16-кылымдар), Мейдане-Шах аянтындагы ансамбль мечити м-н (17-кылым, Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген), Али-Капу ак сарайы (15–17-к.), бак-дарактуу павильондор сакталган.