ИСФАХАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСФАХА́Н – Ирандын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Исфахан останынын (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Зайендеруд дарыясынын боюнда. Калкы 1,9 млн (2016). Жолдор тоому. Метрополитен куру­лууда. Эл аралык аэропорту бар. Өлкөдөгү экин­чи (Тегерандан кийинки) соода-өнөр жай борбору. Исфахан 16-кылымдын аягынан 18-кылымга чейин Ирандын бор-


Лотфолла шейхтин мечити (1603–18).

бору болгон. Антика мезгилинин географтары «Аспадан» деген ат м-н эскерет. Исфахан 10–13-кылымдарда Жакынкы Чыгыштагы эң ири шаарлардын бири. Тек­стиль (көбүнчө жүн), тамак-аш, цемент, химия өнөр жай ишканалары, металлургия заводу иштейт.
Университет бар. Шаардын эски бөлүгү көркөм кол өнөр­чүлүктүн ж-а миниатюранын борбору. Чоң ме­чит (9–20-кылымдар), минарет (11–12-кылымдар), мавзолейлер (14–16-кылымдар), Мейдане-Шах аянтындагы ансамбль мечити м-н (17-кылым, Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген), Али-Капу ак сарайы (15–17-к.), бак-дарактуу павильондор сакталган.