ДАВАН МАМЛЕКЕТИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
1 сап: 1 сап:
'''ДАВАН МАМЛЕКЕТИ''' , П а р к а н а – б. з. ч.
'''ДАВАН МАМЛЕКЕТИ''' , П а р к а н а – б. з. ч.
1-миӊ жылдыктын акырында Фергана өрөө­нүндө түзүлгөн мамлекет. Фарсы жазма булак­тарында Паркана, кытай жылнаамаларында Да-юань (Даван) деп аталган. Чоӊ, кичине шаар­лары 70тен ашып, борбору Эрши шаары болгон. Кал­кынын саны болжол м-н 300 миӊден ашып, алар чыгыш иран тилинде сүйлөгөн. Дыйкандары шалы, буудай, беде, гозо эккен. Жемиш бакта­ры, өзгөчө жүзүмдүн мыкты түрлөрү өстүрүлүп, андан көпкө сактала турган шарап даярдалган. Давандыктар асыл тукум жылкылары м-н даӊазаланган. Даван мамлекети ''Улуу Жибек'' жолу калыптан­ганга чейин Чыгыш Түркстан м-н соода байла­нышын түзгөн (Фергана, Алай ж-а Борбордук Теӊир-Тоодогу көрүстөндөрдү казган учурда кытай буюмдары, коло теӊгелери арбын табылган). Кытай булактарында: «давандыктар Кытайдан алтын, күмүш алып, андан тыйын чеккен эмес, буюмдарды жасашкан» делет. Б. з. ч. 128-жылы кытай элчиси Чжан Цань усундар өлкөсүнөн Нарын дарыясын бойлой Даван мамлекетине келген. Даван мамлекети жөнүндө маалымат кытай императоруна ушул элчи ар­кылуу жеткен. Даван мамлекетин каратып алууга ж-а алар­дын асыл тукум жылкыларына кызыккан Хань императору Ли Гуанлинин жетекчилиги астында б. з. ч. 103-жылы жортуул уюштурган. Алгачкы жортуулда кытай аскерлери Даван мамлекетинин чыгыш чек арасында жайгашкан Ю шаарына (азыркы Өзгөндөн 8 ''км'' түндүк тарапта, Шоро-Башат кыштагы­на жакын) жетип, шаарды зор кыйынчылык м-н багынткан. Бирок, көп өтпөй кытай аскерле­ри чегинип кеткен. Ли Гуанли башында турган жүз миӊ аскер экинчи ирет император У-Динин буйругу м-н б. з. ч. 101-жылы жөнөтүлгөн. Ли Гу­анли колун экиге бөлүп, бир бөлүгүн Эрши, экин­чисин Ю шаарларына жөнөткөн. Сан жагынан аз бол­гонуна карабай, Ю шаарынын тургундары катуу кар­шылык кылып, Эршини болсо кытайлар 40 күн курчоого алып, дарыяны бууп, суусуз калты­рышкан. Падыша Мугуа чыккынчылык м-н өл­түрүлүп, элдешүүнүн белгиси катары анын башы Ли Гуанга жиберилген. Тактыга Моцай төрө олтурат. Бирок Эрши шаарынын жашоочулары то­лук багынган эмес. Ал эми Ю шаарынын тургунда­ры Кытай м-н түзүлгөн тынчтык келишимге кар­шы турган. Натыйжада Ли Гуанли бул жакка чоӊ күч жиберүүгө аргасыз болгон. Алар Ю шаарын зор кыйынчылыктар м-н ээлешкен. Бул жор­туулда кытайлар 90 миӊ колунан ажырап, кол­го түшкөн 3 миӊ аргымактын миӊин гана им­ператоруна жеткиришкен. Ли Гуанлинин аске­ри кайтып кетери м-н Даван мамлекети Хан империясы­нын таасиринен чыгып, Моцай өлүм жазасына өкүм кылынган. Эрши шаары катуу бүлгүнгө учура­гандыктан, кийин борборду кайра Гуйшан шаары­на (мурунку борбору) көчүрүшкөн. Б. з. ч. 42– 36-жылдарда түндүк хунндардын шанүйү ''Чжичжи'' чап­кын уюштурат, бирок Даван мамлекетин баш ийдире алган эмес. Б. з. 1-кылымынын ортосунда Жаркентке (Чы­гыш Түркстан) убактылуу баш ийип, 3–5-кылымдарда өз алдынчалыгын сактап турган. Б. з. 5-кылымынын ортосунда Фергана өрөөнү толугу м-н эфталит­терге карап, 5-кылымдын аягында Кушан империя­сынын карамагына кирип, толук бойдон жо­юлган.  
1-миӊ жылдыктын акырында Фергана өрөө­нүндө түзүлгөн мамлекет. Фарсы жазма булак­тарында Паркана, кытай жылнаамаларында Да-юань (Даван) деп аталган. Чоӊ, кичине шаар­лары 70тен ашып, борбору [[Эрши]] шаары болгон. Кал­кынын саны болжол менен 300 миӊден ашып, алар чыгыш иран тилинде сүйлөгөн. Дыйкандары [[шалы]], [[буудай]], [[беде]], гозо эккен. Жемиш бакта­ры, өзгөчө жүзүмдүн мыкты түрлөрү өстүрүлүп, андан көпкө сактала турган шарап даярдалган. Давандыктар асыл тукум жылкылары менен даӊазаланган. Даван мамлекети [[Улуу Жибек жолу]] калыптан­ганга чейин [[Чыгыш Түркстан]] менен соода байла­нышын түзгөн ([[Фергана]], [[Алай]] жана Борбордук [[Теӊир-Тоо]]догу көрүстөндөрдү казган учурда кытай буюмдары, коло теӊгелери арбын табылган). [[Кытай]] булактарында: «давандыктар Кытайдан алтын, күмүш алып, андан тыйын чеккен эмес, буюмдарды жасашкан» делет. Б. з. ч. 128-жылы кытай элчиси [[Чжан Цянь]] [[усундар]] өлкөсүнөн [[Нарын дарыясы]]н бойлой Даван мамлекетине келген. Даван мамлекети жөнүндө маалымат кытай императоруна ушул элчи ар­кылуу жеткен. Даван мамлекетин каратып алууга жана алар­дын асыл тукум жылкыларына кызыккан Хань императору Ли Гуанлинин жетекчилиги астында б. з. ч. 103-жылы жортуул уюштурган. Алгачкы жортуулда кытай аскерлери Даван мамлекетинин чыгыш чек арасында жайгашкан Ю шаарына (азыркы [[Өзгөн]]дөн 8 ''км'' түндүк тарапта, Шоро-Башат кыштагы­на жакын) жетип, шаарды зор кыйынчылык менен багынткан. Бирок, көп өтпөй кытай аскерле­ри чегинип кеткен. Ли Гуанли башында турган жүз миӊ аскер экинчи ирет император У-Динин буйругу менен б. з. ч. 101-жылы жөнөтүлгөн. Ли Гу­анли колун экиге бөлүп, бир бөлүгүн Эрши, экин­чисин Ю шаарларына жөнөткөн. Сан жагынан аз бол­гонуна карабай, Ю шаарынын тургундары катуу кар­шылык кылып, Эршини болсо кытайлар 40 күн курчоого алып, дарыяны бууп, суусуз калты­рышкан. Падыша Мугуа чыккынчылык менен өл­түрүлүп, элдешүүнүн белгиси катары анын башы Ли Гуанга жиберилген. Тактыга Моцай төрө олтурат. Бирок Эрши шаарынын жашоочулары то­лук багынган эмес. Ал эми Ю шаарынын тургунда­ры Кытай менен түзүлгөн тынчтык келишимге кар­шы турган. Натыйжада Ли Гуанли бул жакка чоӊ күч жиберүүгө аргасыз болгон. Алар Ю шаарын зор кыйынчылыктар менен ээлешкен. Бул жор­туулда кытайлар 90 миӊ колунан ажырап, кол­го түшкөн 3 миӊ аргымактын миӊин гана им­ператоруна жеткиришкен. Ли Гуанлинин аске­ри кайтып кетери менен Даван мамлекети Хан империясы­нын таасиринен чыгып, Моцай өлүм жазасына өкүм кылынган. Эрши шаары катуу бүлгүнгө учура­гандыктан, кийин борборду кайра Гуйшан шаары­на (мурунку борбору) көчүрүшкөн. Б. з. ч. 42– 36-жылдарда түндүк хунндардын шанүйү [[Чжичжи]] чап­кын уюштурат, бирок Даван мамлекетин баш ийдире алган эмес. Б. з. 1-кылымынын ортосунда Жаркентке (Чы­гыш Түркстан) убактылуу баш ийип, 3–5-кылымдарда өз алдынчалыгын сактап турган. Б. з. 5-кылымынын ортосунда Фергана өрөөнү толугу менен [[Эфталиттер|эфталит­тер]]ге карап, 5-кылымдын аягында [[Кушан империясы|Кушан империя­сы]]нын карамагына кирип, толук бойдон жо­юлган.
 
Ад.: Ад.: Chavannes E. Dokuments sur les Toukiues (Turcs) occidentaux //Сборник трудов Орхонской экспедиции. Т. IV. СПб., 1903; Бичурин Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1. М.; Л., 1950.  


''Т. Жуманалиев.''  
''Т. Жуманалиев.''  
[[Category: 3-том, 5-85 бб]]
[[Category: 3-том, 5-85 бб]]

02:03, 23 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы

ДАВАН МАМЛЕКЕТИ , П а р к а н а – б. з. ч. 1-миӊ жылдыктын акырында Фергана өрөө­нүндө түзүлгөн мамлекет. Фарсы жазма булак­тарында Паркана, кытай жылнаамаларында Да-юань (Даван) деп аталган. Чоӊ, кичине шаар­лары 70тен ашып, борбору Эрши шаары болгон. Кал­кынын саны болжол менен 300 миӊден ашып, алар чыгыш иран тилинде сүйлөгөн. Дыйкандары шалы, буудай, беде, гозо эккен. Жемиш бакта­ры, өзгөчө жүзүмдүн мыкты түрлөрү өстүрүлүп, андан көпкө сактала турган шарап даярдалган. Давандыктар асыл тукум жылкылары менен даӊазаланган. Даван мамлекети Улуу Жибек жолу калыптан­ганга чейин Чыгыш Түркстан менен соода байла­нышын түзгөн (Фергана, Алай жана Борбордук Теӊир-Тоодогу көрүстөндөрдү казган учурда кытай буюмдары, коло теӊгелери арбын табылган). Кытай булактарында: «давандыктар Кытайдан алтын, күмүш алып, андан тыйын чеккен эмес, буюмдарды жасашкан» делет. Б. з. ч. 128-жылы кытай элчиси Чжан Цянь усундар өлкөсүнөн Нарын дарыясын бойлой Даван мамлекетине келген. Даван мамлекети жөнүндө маалымат кытай императоруна ушул элчи ар­кылуу жеткен. Даван мамлекетин каратып алууга жана алар­дын асыл тукум жылкыларына кызыккан Хань императору Ли Гуанлинин жетекчилиги астында б. з. ч. 103-жылы жортуул уюштурган. Алгачкы жортуулда кытай аскерлери Даван мамлекетинин чыгыш чек арасында жайгашкан Ю шаарына (азыркы Өзгөндөн 8 км түндүк тарапта, Шоро-Башат кыштагы­на жакын) жетип, шаарды зор кыйынчылык менен багынткан. Бирок, көп өтпөй кытай аскерле­ри чегинип кеткен. Ли Гуанли башында турган жүз миӊ аскер экинчи ирет император У-Динин буйругу менен б. з. ч. 101-жылы жөнөтүлгөн. Ли Гу­анли колун экиге бөлүп, бир бөлүгүн Эрши, экин­чисин Ю шаарларына жөнөткөн. Сан жагынан аз бол­гонуна карабай, Ю шаарынын тургундары катуу кар­шылык кылып, Эршини болсо кытайлар 40 күн курчоого алып, дарыяны бууп, суусуз калты­рышкан. Падыша Мугуа чыккынчылык менен өл­түрүлүп, элдешүүнүн белгиси катары анын башы Ли Гуанга жиберилген. Тактыга Моцай төрө олтурат. Бирок Эрши шаарынын жашоочулары то­лук багынган эмес. Ал эми Ю шаарынын тургунда­ры Кытай менен түзүлгөн тынчтык келишимге кар­шы турган. Натыйжада Ли Гуанли бул жакка чоӊ күч жиберүүгө аргасыз болгон. Алар Ю шаарын зор кыйынчылыктар менен ээлешкен. Бул жор­туулда кытайлар 90 миӊ колунан ажырап, кол­го түшкөн 3 миӊ аргымактын миӊин гана им­ператоруна жеткиришкен. Ли Гуанлинин аске­ри кайтып кетери менен Даван мамлекети Хан империясы­нын таасиринен чыгып, Моцай өлүм жазасына өкүм кылынган. Эрши шаары катуу бүлгүнгө учура­гандыктан, кийин борборду кайра Гуйшан шаары­на (мурунку борбору) көчүрүшкөн. Б. з. ч. 42– 36-жылдарда түндүк хунндардын шанүйү Чжичжи чап­кын уюштурат, бирок Даван мамлекетин баш ийдире алган эмес. Б. з. 1-кылымынын ортосунда Жаркентке (Чы­гыш Түркстан) убактылуу баш ийип, 3–5-кылымдарда өз алдынчалыгын сактап турган. Б. з. 5-кылымынын ортосунда Фергана өрөөнү толугу менен эфталит­терге карап, 5-кылымдын аягында Кушан империя­сынын карамагына кирип, толук бойдон жо­юлган.

Ад.: Ад.: Chavannes E. Dokuments sur les Toukiues (Turcs) occidentaux //Сборник трудов Орхонской экспедиции. Т. IV. СПб., 1903; Бичурин Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1. М.; Л., 1950.

Т. Жуманалиев.