ДАВАН МАМЛЕКЕТИ
ДАВАН МАМЛЕКЕТИ , П а р к а н а – б. з. ч. 1-миӊ жылдыктын акырында Фергана өрөөнүндө түзүлгөн мамлекет. Фарсы жазма булактарында Паркана, кытай жылнаамаларында Да-юань (Даван) деп аталган. Чоӊ, кичине шаарлары 70тен ашып, борбору Эрши шаары болгон. Калкынын саны болжол менен 300 миӊден ашып, алар чыгыш иран тилинде сүйлөгөн. Дыйкандары шалы, буудай, беде, гозо эккен. Жемиш бактары, өзгөчө жүзүмдүн мыкты түрлөрү өстүрүлүп, андан көпкө сактала турган шарап даярдалган. Давандыктар асыл тукум жылкылары менен даӊазаланган. Даван мамлекети Улуу Жибек жолу калыптанганга чейин Чыгыш Түркстан менен соода байланышын түзгөн (Фергана, Алай жана Борбордук Теӊир-Тоодогу көрүстөндөрдү казган учурда кытай буюмдары, коло теӊгелери арбын табылган). Кытай булактарында: «давандыктар Кытайдан алтын, күмүш алып, андан тыйын чеккен эмес, буюмдарды жасашкан» делет. Б. з. ч. 128-жылы кытай элчиси Чжан Цянь усундар өлкөсүнөн Нарын дарыясын бойлой Даван мамлекетине келген. Даван мамлекети жөнүндө маалымат кытай императоруна ушул элчи аркылуу жеткен. Даван мамлекетин каратып алууга жана алардын асыл тукум жылкыларына кызыккан Хань императору Ли Гуанлинин жетекчилиги астында б. з. ч. 103-жылы жортуул уюштурган. Алгачкы жортуулда кытай аскерлери Даван мамлекетинин чыгыш чек арасында жайгашкан Ю шаарына (азыркы Өзгөндөн 8 км түндүк тарапта, Шоро-Башат кыштагына жакын) жетип, шаарды зор кыйынчылык менен багынткан. Бирок, көп өтпөй кытай аскерлери чегинип кеткен. Ли Гуанли башында турган жүз миӊ аскер экинчи ирет император У-Динин буйругу менен б. з. ч. 101-жылы жөнөтүлгөн. Ли Гуанли колун экиге бөлүп, бир бөлүгүн Эрши, экинчисин Ю шаарларына жөнөткөн. Сан жагынан аз болгонуна карабай, Ю шаарынын тургундары катуу каршылык кылып, Эршини болсо кытайлар 40 күн курчоого алып, дарыяны бууп, суусуз калтырышкан. Падыша Мугуа чыккынчылык менен өлтүрүлүп, элдешүүнүн белгиси катары анын башы Ли Гуанга жиберилген. Тактыга Моцай төрө олтурат. Бирок Эрши шаарынын жашоочулары толук багынган эмес. Ал эми Ю шаарынын тургундары Кытай менен түзүлгөн тынчтык келишимге каршы турган. Натыйжада Ли Гуанли бул жакка чоӊ күч жиберүүгө аргасыз болгон. Алар Ю шаарын зор кыйынчылыктар менен ээлешкен. Бул жортуулда кытайлар 90 миӊ колунан ажырап, колго түшкөн 3 миӊ аргымактын миӊин гана императоруна жеткиришкен. Ли Гуанлинин аскери кайтып кетери менен Даван мамлекети Хан империясынын таасиринен чыгып, Моцай өлүм жазасына өкүм кылынган. Эрши шаары катуу бүлгүнгө учурагандыктан, кийин борборду кайра Гуйшан шаарына (мурунку борбору) көчүрүшкөн. Б. з. ч. 42– 36-жылдарда түндүк хунндардын шанүйү Чжичжи чапкын уюштурат, бирок Даван мамлекетин баш ийдире алган эмес. Б. з. 1-кылымынын ортосунда Жаркентке (Чыгыш Түркстан) убактылуу баш ийип, 3–5-кылымдарда өз алдынчалыгын сактап турган. Б. з. 5-кылымынын ортосунда Фергана өрөөнү толугу менен эфталиттерге карап, 5-кылымдын аягында Кушан империясынын карамагына кирип, толук бойдон жоюлган.
Ад.: Ад.: Chavannes E. Dokuments sur les Toukiues (Turcs) occidentaux //Сборник трудов Орхонской экспедиции. Т. IV. СПб., 1903; Бичурин Н. Я. Собрание сведений о народах, обитавших в Средней Азии в древние времена. Т. 1. М.; Л., 1950.
Т. Жуманалиев.