ГАРДИЗИ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ГАРДИЗИ ''' '''А б у С а и д А б д а л – Х а й й а''' (1008/1009-жылдар чен – өлгөн жылы белгисиз) – иран тарыхчысы, окумуштуу. Газневилик султан Абдырашиттин (1049–59) тушунда Гардизи өзүнүн «Зайн-ал-ахбар» («Кабарларды көркөм сүрөттөө») деген тарыхый эмгегин жазган. Бул эмгегинде Иран халифатынын | '''ГАРДИЗИ ''' '''А б у С а и д А б д а л – Х а й й а''' (1008/1009-жылдар чен – өлгөн жылы белгисиз) – иран тарыхчысы, окумуштуу. Газневилик султан Абдырашиттин (1049–59) тушунда Гардизи өзүнүн «Зайн-ал-ахбар» («Кабарларды көркөм сүрөттөө») деген тарыхый эмгегин жазган. Бул эмгегинде Иран халифатынын жана Хорасандын тарыхы баяндалган. Анда түрк тилинде сүйлөгөн элдер жөнүндө, анын ичинде кыргыздар тууралуу баалуу маалыматтар, даректүү баяндар жолугат. Айрыкча кыргыздар жөнүндөгү маалыматтарда ибн Мустафа, ибн Хордадбек, Жайхани ж. б. орто кылымдагы окумуштуулардын эмгектерин колдонгон. Гардизинин кыргыздар тууралуу маалыматтары «Худуд ал Аалам», «Мажму ат-Таварих» ж. б. булактар менен дал келет. Гардизи берген далилдер кыргыздардын этностук, саясий, маданий тарыхын үйрөнүүдө өтө маанилүү. | ||
<br />''З. Эралиев.'' | <br />''З. Эралиев.'' | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
08:49, 22 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
ГАРДИЗИ А б у С а и д А б д а л – Х а й й а (1008/1009-жылдар чен – өлгөн жылы белгисиз) – иран тарыхчысы, окумуштуу. Газневилик султан Абдырашиттин (1049–59) тушунда Гардизи өзүнүн «Зайн-ал-ахбар» («Кабарларды көркөм сүрөттөө») деген тарыхый эмгегин жазган. Бул эмгегинде Иран халифатынын жана Хорасандын тарыхы баяндалган. Анда түрк тилинде сүйлөгөн элдер жөнүндө, анын ичинде кыргыздар тууралуу баалуу маалыматтар, даректүү баяндар жолугат. Айрыкча кыргыздар жөнүндөгү маалыматтарда ибн Мустафа, ибн Хордадбек, Жайхани ж. б. орто кылымдагы окумуштуулардын эмгектерин колдонгон. Гардизинин кыргыздар тууралуу маалыматтары «Худуд ал Аалам», «Мажму ат-Таварих» ж. б. булактар менен дал келет. Гардизи берген далилдер кыргыздардын этностук, саясий, маданий тарыхын үйрөнүүдө өтө маанилүү.
З. Эралиев.