ИСАКОВ Күмөн: нускалардын айырмасы
No edit summary |
м (Temirkan moved page ИСАКОВ 4 to ИСАКОВ Күмөн) |
(Айырма жок)
| |
03:20, 18 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИСАКОВ Күмөн (7. 7. 1940-жылы туулган‚ Чүй облусу‚ Кемин району‚ Борду айылы) – экономика илимдеринин доктору (2006)‚ экономика ж-а өндүрүштү башкаруу боюнча адис. КРдин билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери (2007). КМУну (1965)‚ C. Орджоникидзе атындагы Москва башкаруу институтунун аспирантурасын (1972) бүткөн. ФПИде улук окутуучу‚ кафедра башчысы‚ декан‚ (1976–90), КР Өкмөтүнүн аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги (1990–2000), 2000-жылдан КРСУнун окуу иштери боюнча проректору. 105тей илимий эмгеги жарык көргөн.
Эмг.: Производительность труда в строительстве. Ф.‚ 1983; Производительность труда – важнейший показатель социально-экономической эффективности научно-технического прогресса (авторлош). Ф.‚ 1985; Анализ и формирование рынка труда в Кыргызской Республике (авторлош). Б.‚ 1995; Развитие системы управления занятостью в современной экономике Кыргызстана. Б., 2004.