ИСАКОВ Күмөн

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСАКОВ Күмөн (7. 7. 1940-жылы туулган‚ Чүй облусу‚ Ке­мин району‚ Борду айылы) – экономика илимдеринин доктору (2006)‚ экономика ж-а өндүрүштү баш­каруу боюнча адис. КРдин билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери (2007). КМУну (1965)‚ C. Орджони­кидзе атындагы Москва башкаруу институтунун аспи­рантурасын (1972) бүткөн. ФПИде улук окутуу­чу‚ кафедра башчысы‚ декан‚ (1976–90), КР Өкмөтүнүн аппаратынын социалдык-маданий өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги (1990–2000), 2000-жылдан КРСУнун окуу иште­ри боюнча проректору. 105тей илимий эмгеги жарык көргөн.

Эмг.: Производительность труда в строительстве. Ф.‚ 1983; Производительность труда – важнейший показатель социально-экономической эффективности научно-технического прогресса (авторлош). Ф.‚ 1985; Анализ и формирование рынка труда в Кыргызской Республике (авторлош). Б.‚ 1995; Развитие системы управления занятостью в современной экономике Кыргызстана. Б., 2004.