КАМАКУРА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
(Айырма жок)

10:54, 17 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАМА́КУРА – Япониядагы музей-шаар. Сагами булуңунун жээгинде, Хонсю аралынын түштүк-чыгы­шында жайгашкан. Калкы 165,2 миң (2007).

Кэнтёдзи храмы. Сёдо башкы за­лы. 1458.

Жолдор тоому. Шаардын архитектурасында салттуу жана заманбап курулуштар айкалышып курул­ган. Будданын (Дайбуцу) колодон куюлган ста­туясы (1252; бийиктиги 11,5 м), көптөгөн буддизм жана синтоизм храмдары менен монастырлар (Хасэоэра, VIII кылым; Гокуракудзи, Энгакудзи XIII кылым; Цуругаока Хатимангу, 1063–1828; бардыгы жы­гачтан салынган) сакталган. Шаар сёгундардын борбору катары 1192-жылы негизделген. Кино, ма­шина куруу өнөр жай ишканалары иштейт. Музей­лер (улуттук байлык, заманбап искусство), көркөм­ колдонмо буюмдар, азембелек өндүрүшү бар. Буд­дисттердин зыярат борбору. Деңиз курорту. Ту­ризм (жылына 20 млнго жакын туристтер келет) өнүккөн.