ИСАКЕЕВ Баялы: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
м (Temirkan moved page ИСАКЕЕВ 1 to ИСАКЕЕВ Баялы)
(Айырма жок)

09:56, 17 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

ИСАКЕЕВ Баялы Дыйканбаевич (октябрь, 1897, Нарын облусу, Кочкор району, Үкөк айылы – 8. 11. 1937, Фрунзе) – партиялык ж-а мамлекеттик ишмер; Кыргызстан­дын алгачкы Конституциясынын авторлору-

нун ж-а улуттук мамлекет­ти негиздөөчүлөрдүн, «Ма­нас» эпосун орус тилине ко­торуунун алгачкы демил­гечилеринин бири. Нарын шаарындагы орус-жергиликтүү мектеп-­интернатын (1916), Ташкент­теги Орто Азия коммунист­тик университетин (1923), Москва­дагы ВКП(б) БКнын ал­дындагы партиялык мектепти (1926) бүтүргөн. 1917–20-жылдарда Кум-Бел-Арал ж-а Орто-Токой менчик почта бекеттеринде күзөтчү, киречи, бекет башчысы, 1920–21-жылдарда Үчүке (Кочкор) болуштугунун атка­руу комитетинин, 1921–23-жылдарда Нарын уезддик партия комитетинин, 1924–25-жылдарда Түркстан АССР КП(б) Леп­си ж-а Каракол уезддик шааркомунун, 1926– 27-жылдарда Кыргыз АССР КП(б) Каракол округдук комитетинин бөлүм башчысы, 1927–28-жылдарда «Кызыл Кыр­гызстан» гезитинин жооптуу редактору, 1928– 29-жылдарда ВКП(б) Кыргыз обкомунун бөлүм башчы­сы, 1929–30-жылдарда Кыргыз АССР жер иштер комис­сары, 1930–33-жылдарда ВКП(б) Кыргыз өкмөтүнүн баш­чысы, 1933–37-жылдарда Кыргыз ССР (адегенде АССР) ЭКСтин төрагасы. Кыргыз АССР БАКка (1928– 37), СССР улуттар советине (1931–35), СССР БАКка ж-а анын Президиумуна (1935–37) мүчө. ВКП(б) БКнын 17-съездинин ж-а СССР Совети­нин атайын чакырылган 6-, 7-, 8-съезддеринин делегаты. 1937-жылдарда улутчул-контрреволюциячыл топ­тун катышуучусу деген жалаа м-н камалган ж-а атуу жазасына тартылып, 1957-жылы акталган. Бишкек шаарында эстелиги орнотулуп, ысмы борбордун бир көчөсүнө ж-а Кочкор районунун бир айылына ыйгарылган.

А. Түркмөнов.