КАМБОЖА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 118 сап: | 118 сап: | ||
==Маданияты== | ==Маданияты== | ||
Камбожада окуу жайларын башкаруу Билим, жаштар жана спорт министрлиги тара­бынан ишке ашырылат. 1993-жылы милдеттүү жанаа акысыз 9 жылдык билим берүү киргизилген. Билим берүү системасы мектепке чейинки тарбия жана 6 жылдык башталгыч, баштапкы орто (3 жылдык курс), жогорку билимге даярдоо мак­сатында кошумча орто (мамлекеттик жана менчик кол­леж) билим берүүнү камтыйт. 2005-жылы балдар­дын 10%и мектепке чейинки мекемелерде тар­бияланган, 96%и башталгыч, 24%и орто билим алган. Калктын сабаттуулугу 15 жаштан жого­ру 73,6% (ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, 2005). 12 мамлекеттик жана 30 менчик жогорку окуу жайы (жарандык жана диний) бар. Ири жогорку окуу жайлары: Будда университети (1954), Пномпень королдук университети (1960), Жогорку техникалык институту (1981) жана башкалар. Илимий мекемелери: Буддизм институ­ту (музей жана Камбожадагы ири китепкана – 40 миң­ден ашык том жана пальма жалбырагына жа­зылган 16 миңден ашык кол жазма), Ресурстар­ды өнүктүрүү институту (1990), Адам укуктары ин­ституту (1993), Социалдык өнүгүү борбору (1995), Улуттук саламаттык сактоо институту, Улуттук китепкана (1924), Улуттук музейи (1920), гено­цид музейи (1979) бар. Бардык мекемелер Пном­пенде жайгашкан.<br>Камбожада 100дөн ашык гезит жана журналдар кхмер [«Расмей Кампучия» (1993); «Монеасека кхмер» (1993); «Чакраваль Дейли» (1993) жана башкалар], ошондой эле англис, француз жана кытай тилдеринде чы­гат (2007). 1975-жылдан радио уктуруусу, 1966-жылдан телекөрсөтүү иштейт. Камбожанын Улуттук маа­лыматтык агенттиги – «Agence Kampuchea | |||
орто билим алган. Калктын сабаттуулугу 15 жаштан жого­ру 73,6% (ЮНЕСКОнун маалыматы | |||
Presse». | Presse». | ||
XVI кылымга чейин Камбожанын адабияты санскрит жана пали, кийинчерээк кхмер тилдеринде өнүккөн. XIV–XV кылымдардагы адабияттын жалгыз эстелиги – пали тилин­деги «Элүү жатак» жыйнагы. Кхмер тилиндеги алгачкы чыгармалар XVI кылымда пайда болгон (Чей Нондун ырлары; Панг, «Ангкор жөнүндө поэма», | |||
1598). | 1598). XVII–XIX кылымдарда жатак темасында ыр түрүндөгү чыгармалар жаралган. Жаңы адабият кечил Саом­дун «Тум менен Тиев» поэмасы (1916) менен башта­лат. Ньок Тхаемдин «Пайлин атыр гүлү» рома­ны чыккандан кийин социалдык теңсиздик, аялдар, жаштар темасындагы роман адабиятта не­гизги орунду ээлеген. XX кылымдын аягы –XXI кылымдын башында ар кыл жанрдагы романдар жазылды (Паль Воаннари Реак, Мау Сомнанг). 1955-жылы Камбожа жазуучулар ассоциациясы түзүлгөн.<br>Камбожа аймагында Ханчей, Асрам-Махаросей (VI–VIII кылымдар), Баконг (881), Прэах-Ко (879) жана башка белги­лүү храмдар жана храм комплекстери сакталып калган. IX–XIV кылымдарда Камбужадеша империясынын өкүмдарлары курдурган 10 шаарды камтыган зор Ангкор комплексинде 1000ден ашык мону­менттик курулуштар сакталган: храм-тоо Пном- Бакхенг (893); Пхимеанакас храмы (X кылым); Анг­кор-Ват храм комплекси (XII кылым) жана башкалар. Камбожа Фран­ция колониясына айланганда европалык үлгүдөгү имараттар салына баштаган. 1960-жылдары Камбожада Көз карандысыздык (1960–1962) эстелиги, Чакдомукх залы (1962), Улуттук спорт комп­лекси (1964), Чамкармон сарайы (1966) жана башка архитекту­ралык курулуштар пайда болгон.<br>Кхмерлердин музыкалык маданияты эң байыркы доорго таандык. Ангкор жана Байон храмдарынын ба­рельефтери музыка-театрдык маданиятынын өнүккө­нүн, музыкалык аспаптардын [барабан (сампхо), чаб,чинг, гонг, булгаары жана мүйүз трубалар (санг), дого, арфалар (пын) жана башкалар] көптүгүн тастыктайт. XIX кылымдын 2-жарымынан кытайлык, малайзия­лык, европалык жана башка музыкалык салттардын Камбожанын мад­аниятына таасири тийген. | ||
чыгармалар жаралган. Жаңы | |||
башында ар кыл жанрдагы романдар жазылды (Паль Воаннари Реак, Мау Сомнанг). 1955- | |||
калган. | |||
өкүмдарлары курдурган 10 шаарды камтыган зор Ангкор комплексинде 1000ден ашык мону­менттик курулуштар сакталган: храм-тоо Пном- Бакхенг (893); Пхимеанакас храмы ( | |||
Чакдомукх залы (1962), Улуттук спорт комп­лекси (1964), Чамкармон сарайы (1966) | |||
Кхмерлердин | |||
чинг, гонг, булгаары | |||
Ад.: Страны и народы. Зарубежная Азия. Юго- Восточная Азия. М., 1979; <i>Марунова И. Б.</i> Древний театр кхмеров. М., 1980; История Кампучии. Краткий | Ад.: Страны и народы. Зарубежная Азия. Юго- Восточная Азия. М., 1979; <i>Марунова И. Б.</i> Древний театр кхмеров. М., 1980; История Кампучии. Краткий | ||
[[File:КАМБОЖА36.png | thumb | Ангкор-Ваттагы Тхомманон храмы. | [[File:КАМБОЖА36.png | thumb | Ангкор-Ваттагы Тхомманон храмы. XII кылымдын 1-жа­рымы.]] | ||
[[File:КАМБОЖА37.png | thumb | Ханзада бийи. Кам­божа король балети.]] | [[File:КАМБОЖА37.png | thumb | Ханзада бийи. Кам­божа король балети.]] | ||
| 147 сап: | 135 сап: | ||
<p align='right'><i type='author'>Н. Алымкулова, Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.</i></p> | <p align='right'><i type='author'>Н. Алымкулова, Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.</i></p> | ||
[[Категория:4-том, 1-50 бб]] | [[Категория:4-том, 1-50 бб]] | ||
05:49, 16 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАМБО́ЖА , К а мб о ж а К о р о л д уг у – Түш.-Чыгыш Азиядагы мамлекет, Индикытай ж. а-нын т үшт ү гү ндө жай - гашкан. Батышынан ж-а түн.-батышынан Таи л анд, түндүгүнөн Лаос, чыгышынан ж-а түш.- чыгышынан Вьетнам м-н чектешет, түштүгүн ж-а түш.- батышын Түш. Кытай деңизинин Сиам булуңу чулгайт. Аянты 181,0 миң км2, анын 4,5 миң км2ин ички суулар ээлейт. Калкы 14,1 млн (2008). Борбору – Пномпень. Акча бирдиги – риель. Расмий

тили – кхмер тили. Адм.-айм. жактан 20 провинцияга (кхает) ж-а борборго баш ийген 4 муниципияга (кронг) бөлүнөт (к. таблицаны).
К. – БУУга (1955), ЭВФке (1970), Эл аралык

реконструкция ж-а өнүгүү банкына (1970), Түш.- Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ассоциациясына (АСЕАН; 1999), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (2004), «Европа – Азия» форумуна (АСЕМ; 2004) мүчө.
Мамлекеттик түзүлүшү
. К.– унитардык мамлекет. Башкаруу формасы – монархиялык конституция. 1993-ж. 21-сентябрда Конституциясы кабыл алынган. Мамлекет башчысы – король, Корона Кеңешинде (Улуттук ассамблеянын төрагасы, төраганын эки орун басары, премьер-министр, жогорку дин кызматчылары) шайланат. Король жогорку кызмат адамдарын дайындоого макулдук берет ж-а куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы болуп саналат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу; (Улуттук ассамблея ж-а Сенат) парламент. Улуттук ассамблея 122 мүчөдөн турат, 5 жылга шайланат. Сенаторлордун саны Улуттук ассамблея мүчөлөрүнүн санынан аз (сенаттын 2 мүчөсүн король дайындайт, экөөнү Улуттук ассамблея, калганын эл 6 жылдык мөөнөткө шайлайт). Сенаттын төрагасы король жок мезгилде мамлекет башчысынын милдетин аткарат. Аткаруу бийлигинин жогорку органы – премьер-министр жетектеген министрлер кабинети. Кабинеттин курамы Улуттук ассамблеянын макулдугу м-н король тарабынан бекитилет. К-да көп партиялуу система орун алган. Негизги партиялары – Камбожа элдик партиясы (КЭП), ФУНСИНПЕК, Сам Рэнси.
Табияты
. Сиам (Таиланд) булуңунун жээктери эрозиялык-тектон. жактан өтө тилмеленген (риас тибине кирет); ички Кампонгсаом булуңунун жээктери мангр токойлуу. К-нын айма- гынын 3/ бөлүгүнөн ашыгын көл-аллювий кыр- тыштуу Камбожа түздүгү ээлейт. Түш.-батышында Кравань (бийикт. 1813 мге чейин, Ораль чокусу – К-нын эң бийик жери) ж-а Дамрэй (1079 м, Боккоу чокусу) тоолору жайгашкан.

Чыгышында К-нын аймагына Чыонгшон тоо- М у н и ц и п и я л а р ы лорунун батыш тармактары (1547 м) ж-а Борб. плато (1108 м) кирип турат. К-нын аймагын кембрийге чейинки Инди-Синай массивинин чет-жакасы ж-а аны батыштан ж-а түштүктөн курчаган Юннань-Малайя бүктөлүү системасы (киммерий) ээлейт. Кен байлыктары: нефть ж-а күйүүчү табигый газ, таш көмүр, темир кенташтары, боксит, алтын, марганец ж-а жез кенташтары, асыл таштар (рубин, сапфир, циркон, аметист) ж. б. К-га субэкватордук муссондуу климат мүнөздүү; жайы нымдуу, кышы салыштырмалуу кургак. Эң ысык айынын (апрель) орт. темп-расы 30°С, эң серүүн айыныкы (декабрь) 26°С. Жаан-чачындын жылдык өлчөмү түздүктөрдө 700–1500 мм, тоолордун муссонго караган түш.-батыш айдарым капталдарында 2000–3000 мм. Нымдуу сезону – майдан ноябрга чейин. К. суу ресурстарына бай (476 км3/жыл); дарыялары жыш. Өлкөнү түндүктөн түштүктү карай Азиядагы ири дарыялардын бири – Меконг кесип өтөт; К-нын аймагында башынан аягына чейин кеме каттайт. Борб. бөлүгүндө Индикытай ж. а-ндагы эң ири көл – Тонлесап

жайгашкан. Ал суу салаасы аркылуу Меконг м-н туташат. Көлдүн тегерегиндеги зор аймак, Меконг м-н Бассак д-нын аралыгы саздак. Токой ж-а сейрек токой өлкөнүн аймагынын 52%ин ээлейт. Түздүктөрдө жерг. өсүмдүктөрдүн курамында жалбырагын күбүүчү муссондук токой (диптерекарп, чанактуулар ж. б.), кургакчыл батышында саванна токою, ксерофилдик сейрек токой (кызыл-коңур топурактагы пальмира, гуава, жапайы бал камыш, жапыз бамбук) таралган. Тоолордун муссонду караган түш.- батыш капталдарын кызыл-сары ферралит топурактуу түргө бай дайыма жашыл тропик токою ээлейт. Сиам булуңунун жээги мангр токойлуу. 1990–2000-ж. токойдун 6%и жок болгон. Камбожа түздүгүнүн күрдүү аллювий топурактуу басымдуу бөлүгүнүн табигый өсүмдүктөрү шалы палдары, жапыз өскөн дарак, бадалдар, кант пальмасы ж. б. м-н алмашкан. Жаныбарлар дүйнөсү өтө ар түрдүү: сүт эмүүчүлөрдүн 123 түрү (анын 24 түрү жоголуу алдында турат), сойлоктордун 114 түрү (10у жоголуу коркунучунда) мекендейт; куштардын 183 түрү (19у жоголуу алдында) уялайт. Купрей, бантенг, гаур, таиланд бугусу, индия пили, жолборс, кабылан, гиббон ж. б. мекендейт; Меконг ж-а анын куймаларында крокодил бар.
К-дагы коргоого алынган 29 аймак өлкөнүн 23,7% аянтын ээлейт; алар: улуттук парктар (Пном-Бокор, Реам ж. б.), табият резерваттары (Пном-Ораль, Бэнг-Пер, Бном-Самкос, Кулен- Промтеп ж. б.), коргоого алынган ландшафттар (Ангкор ж. б.), коргоого алынган токойлордун ири массивдери. Тонлесап көлүнүн тегерегидеги жерлер ЮНЕСКОнун биосфералык резерваттарына киргизилген.
Калкы
. Австралия-азия тилдеринде сүйлөгөндөр К-нын калкынын 92,3%ин түзөт; анын 87,1%и кхмерлер, 0,8%и тоолук кхмерлер, 4,3%и вьеттер, 2,5%и австронезиялыктар, 0,9%и тайлар. О. эле кытай (4,1%), мьянма, тамил, англис, француз ж. б. улуттар да жашайт. Калктын табигый өсүүсүнүн жылдык орт. темпи акырындап төмөндөөдө (20-к-дын аягында 2,0–2,1%; 2007-ж. 1,7%). Төрөлүү 1000 тургунга 25,5 бала, өлүм-житим 1000 тургунга 8,2 адам туура келет. Сырткы миграциянын саль-

досу нөлгө жакын. 15 жашка чейинки балдар калктын 34%ин, эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64 жаш) 62,4%ин, 65тен улуулар 3,6%ин
түзөт. Орто эсеп м-н 1000 аялга 95,3 эркек туура келет. Адам өмүрүнүн күтүлгөн орт. узактыгы 61,3 жыл (эркектердики 59,3, аялдардыкы 63,4 жыл). Калкынын орт. жыштыгы: 1 км2 жерге 80дей адам туура келет. Ири шаарлары: Пномпень (1398,4 миң), Баттанбанг (176, миң), Сиануквиль (142,9 миң), Сиемреап (128,6 миң; 2008).
Мамл. дини – буддизм; буддисттер өлкөнүн калкынын 95%ин, мусулмандар 2%ин түзөт.
Тарыхы
. Млу-Прей, Лонгирао ж-а Самроунг- Севдеги археол. казмалардын табылгалары К-да палеолит (б. з. ч. 14-миң жылдык) доорунан адам жашаганын далилдейт. Соңку неолитте (б. з. ч. 6–5-миң жылдык) дарыя бойлорунда кыштактар пайда болгон. Калкы дыйканчылык, балык уулоочулук ж-а аңчылык м-н кесиптенишкен. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Б. з. 1-к-нда К. аймагында алгачкы кул ээлөөчүлүк мамлекет – Бапном (Фунань) түзүлгөн. Мамлекет Меконг д-нын төмөнкү агымында жайгашып, борбору Вьядхапур ш. болгон. 2–3-к-да Бапном ийгиликтүү согуштардын натыйжасында өлкө аймактарын кеңейткен. Индия, Кытай, Иран ж-а Рим империясы м-н соода жүргүзгөн. Бапномдун калкы негизинен бутпарастык ишенимдер м-н жашашкан. 6-к-да Бапном начарлай баштап, мурда ага көз каранды болгон Ченла мамлекети күч алган. Анын борбору Меконг ж-а Мун д-нын ортонку агымында жайгашкан. 6- к-дын ортосунда Ченланын башкаруучусу Бхававарман I (болжол м-н 550–600) Бапном м-н Ченланы бириктирип, кхмерлер мамлекетин түзгөн. Ишановарман Iнин тушунда (болжол м-н 612–628) жаңы борбор – Ишанапур салынган. Негизинен дыйканчылык м-н кесиптенишкен. Тынымсыз согуштар ж-а ич ара талаш-тартыштар анын кулашына алып келген. Ченла мамлекети 8-к-дын башында өз алдынча эки мамлекетке (Жер Ченла ж-а Суу Ченла) бөлүнүп, Индикитай ж. а-нын түш. бөлүгүн ээлеген. 9-к-да Суу Ченланын мурдагы аймагында Камбужадеша кхмер империясы (борбору Ангкордо) пайда болгон. Бул империя Сурьяварман I, Сурьяварман II ж-а Жайаварман VII бийлеген мезгилде жогору өнүгүп, Түш. Чыгыш Азиядагы ири мамлекет болгон. Басып алуучулук жортуулдары ийгиликтүү аяктап, өлкөнүн аймагы кеңейип, Ангкор-Ват, Ангкор-Тхом, Байон сыяктуу дүйнөлүк арх-ранын шедеври болгон ири курулуштар салынган. 13-к-дын ортосунда империя начарлап, 1336-ж. Чае башында турган будда династиясынын бийликке келиши м-н Камбужадеша жоюлган. Будда монархы король наамына ээ болуп, кхмерлердин салттуу мад-тын өркүндөткөн. 14-к-дын 2-жарымында – 15-к-дын башында К. аймагына тьямдар ж-а сиамдыктар кол салып турушкан. 14-к-да Аютия (Сиам) тай мамлекети негизделгенден кийин тынымсыз коркунуч туудуруп, акыры К-нын борборун басып алган. Король Понья Ят (1405–67) гана тайларды кууп чыккан. 1434-ж. кхмерлер мамлекетинин борбору Ангкордон Пномпенге көчүрүлгөн. 16–18-к-да К. коңшу мамлекеттер – Сиам ж-а Дайвьет м-н согушуп турган, натыйжада К-нын экон. ж-а саясий абалы төмөндөгөн. Мамлекеттин борбору Удонгго көчүрүлгөн. 17-к-да К-га европалыктар келе баштаган. 1640-ж. нидерланддык фактория пайда болуп, үзгүлтүк м-н 1652-ж. чейин өкүм сүргөн. Кхмер феодалдарынын өз ара чыр-чатактарынын натыйжасында, өлкө Сиам ж-а Дайвьеттерге көз каранды болуп калган. Борборун ж-а батыш райондорун король Чей Четта IV, чыгышын Анг Нон башкарган. 1807-ж. Анг Тян IIнин башкаруу мезгилинде К. Сиам (Таиланд) м-н Вьетнамдын (1804-жылга чейин Дайвьеттин) кош сюзеренитетине дуушар болгон. 1830-жылдары Вьетнам К-га күчтүү таасирин тийгизген. К. провинцияларга бөлүнүп, аларга вьетнамча аталыштар коюлган. Борб. ж-а Чыгыш К-да вьетнам аскерлери жайгашып, Сайгонго жол курулган. Королева Анг Мей башкарган учурда (1834–41) К-да вьетнам тили расмий тил болуп калган. Бирок 1845-ж. Сиамдын жардамы м-н К-да аскердик төңкөрүш болуп, король Анг Дуонг (1841–60) бийликке келген. Кхмер армиясы сиамдыктар м-н бирдикте К-нын борб. райондорунан вьетнамдарды сүрүп чыккан ж-а кайрадан К-га болгон кош сюзеренитет калыбына келтирилген. Анг Дуонг мамлекетти чыңдоо үчүн соц.-экон. реформа жүргүзүп, тышкы саясатта Франция м-н мамиле түзүүгө аракеттенген. 1863-ж. жаңы король Нородом (1860–1904) протекторат ж-дө Франция м-н келишим түзүп, К-га фр. консул дайындалган. 1865-ж. борбор кайрадан Пномпенге көчүрүлгөн. 1867-ж. К-ны бөлүштүрүү ж-дө Франция м-н Сиам расмий

түрдө келишим түзүп, Сиам француз протекторатын таанып, Баттамбанг м-н Ангкор провинцияларына ээлик кылган. Өлкө Францияга көз каранды болуп калганына байланыштуу К-да
көтөрүлүштөр (1864–65-, 1865–67-, 1876–77-, 1886–
91-ж.) чыккан. 1877-ж. Франция Нородомдун королдук бийлигин чектеген. 1884-жылдагы Франция-Камбожа келишими К-ны Франциянын колониясына айландырган. 1887-ж. Аннам, Тонкин ж-а Кохинхин м-н бирге К. Француздук Индикытайдын курамына кирген. 1887-жылдагы указ б-ча кхмер королу мамл. башкаруу иштерине катышуу укугунан ажырап, өлкөнү фр. резидент жетектеген Министрлер Кеңеши башкарган. Сайгон ш. экон. борборго айланган. 1904–07-ж. Сиам К-нын батыш ж-а түн.
провинцияларын (Баттамбанг ж-а Ангкор) кайтарып берген. 1914–45-ж. француздар К-да
транспорт м-н плантациялык чарбаларды өнүктүргөн.
1920-ж. К-да улуттук-боштондук кыймыл башталган. Кыймылга аз сандагы жарандык интеллигенция, буддизм дин өкүлдөрү катышкан. 1930-ж. Индикитай Компартиясы түзүлүп, анын курамына камбожалыктар да кирген. Экинчи дүйнөлүк согуш жылдарында К-нын батыш ж-а түн. провинцияларын басып алуу максатында Таиланд бийлиги согуш аракеттерин баштаган (1940-ж., ноябрь айында). 1941-ж. «Виши» француз өкмөтү Индикытай аймагына аскер күчтөрүн киргизүүгө Японияга укук берген. 1941-ж. майдагы келишим б-ча Түн. К-ны Таиланд өзүнө каратып алган. Францияга көз каранды болууну каалабаган кхмер улутчулдары Япония тарапка оогон. 1945-ж. япон аскерлери фр. администрацияны таркатып, К-нын көз карандысыздыгы жарыяланган. Бирок экинчи дүйнөлүк согушта Япония жеңилгенден кийин Пномпенге француздар кайра келип, Сон Нгок Тханемдин япондук багыттагы өкмөтүн жоюшкан. 1946-ж. январда Франция өкмөтү ж-а К. келишим түзүшүп, К. Француз Союзунун чегинде автономияга ээ болгон. Ошол эле жылы Демокр. ж-а Либералдык саясий партиялар түзүлгөн. 1947-жылдагы Конституция б-ча К. конституциялык монархия деп жарыяланган. 1940-жылдардын аягында К-да француз бийлигине каршы куралдуу улуттук-боштондук күрөш башталган. Куралдуу күрөш ж-а король Народом Сиануктун дипл. аракеттери м-н 1953-ж. К. формалдуу түрдө көз карансыздыгын алган.
1955-ж. мартта Нородом Сианук королдук ордун атасы – Нородом Сурамаритиге берип, өзү
премьер-министрдин ордун ээлеген. Нородом Сианук өлкөдөгү саясий партияларды бириктирип, Элдик-соц. коом (Сангкум) деген саясий уюм уюштурган. Ал коом мамл. деңгээлдеги уюмга айланып, өз ишин 1970-ж-га чейин
жүргүзгөн. Нородом Сурамарити К-нын көз карандысыздыгын ж-а эркин өнүгүшүн камсыз кылуучу саясат жүргүзүп, тышкы саясатында бейтарап жолду тута турганын мыйзам жүзүндө ырастаган. 1955-жылдан К. БУУнун мүчөсү. 1956-ж. К. м-н СССРдин ортосунда дипл. мамиле түзүлгөн. 1960-ж. Народом Сурамарити өлгөндөн кийин Народом Сианук мамлекет башчысы болуп калган. Народом Сиануктун жүргүзгөн жеке бийлигинин убагында мамлекеттин экономикасы төмөндөп, элдин абалы оордоп, бийликке болгон нааразылык күчөгөн. 1970-ж. К-да мамл. төңкөрүш болуп, генерал Лон Нолдун аскердик режими орногон. Монархия жоюлуп, Кхмер Респ. жарыяланган. 1970-ж. апрелде АКШ Түш. К-га куралдуу интервенция жасаган. 1970-ж. май айында Нородом Сиануктун колдоочулары тарабынан Пекинде Камбожа улуттук биримдик фронту (КУБФ), о. эле Улуттук биримдиктин өкмөтү түзүлүп, анын жетекчилиги амер. агрессорлорго ж-а Лон Нолдун режимине каршы күрөш жүргүзгөн. К-да башталган жарандык согуш Камбожа улуттук биримдик фронттун жеңиши м-н аяктаган. 1975-ж. К-да бийликке «кызыл кхмерлер» келип, мамлекет Демокр. Кампучия деп аталган. Пол Пот К-нын премьер-министри, Кхиеу Сам фан Мамл. президиумдун президенти болуп дайындалган. К-да баары мамлекеттештирилип, саясат репрессия аркылуу жүргүзүлгөн. Натыйжада 1,5 млн камбожалык репрессиянын курманы болгон. Тышкы саясатта башка мамлекеттер м-н алакага тыюу салынып, айрым гана мамлекеттер (КЭР, КЭДР) м-н дипл. мамилелер сакталган. 1970- жылдардын 2-жарымынан ачык эле Вьетнамга каршы саясат жүргүзүлүп, чек арадан чыр-чатактар м-н коштолгон. 1978-ж. Вьетнамдын колдоосу м-н «кызыл кхмерлерге» каршы бирдиктүү Кампучия улутту куткаруу фронту түзүлүп, 1979-ж. январда вьетнам аскер күчтөрүнүн колдоосу м-н Пол Поттун режими кулатылып, Кампучия Эл Респ. жарыяланган. Бийлик Хенг Самрин жетектеген Кампучия элдик рев-ялык кеңешине өткөн. 1981-ж. жаңы Конституция күчүнө кирген. Кампучия коммунисттик партиясы (ККП) Кампучия элдик респ. партия (КЭРП) болуп өзгөрүлгөн. Өлкөнүн калкы тынч жашоого өтүп, экон. ж-а гуманитардык чөйрөлөр калыптана баштаган. Мамлекет соц. өлкөлөр м-н тыгыз кызматташып, экон. колдоолорго ээ болгон. 1989-ж. Кампучия Эл Респ. Камбожа мамлекети деп аталган. 1991-ж. КЭРП партиясы Камбожа Элдик партиясы (КЭП) деп аталып, партиянын уставына өзгөртүүлөр киргизилген. Буддизм мамл. дин катары жарыяланган.
1989–93-ж. БУУ өлкөдөгү ич ара согуштук кагылышууларды токтотууга аракеттерди жасап, 1993-ж. К-да шайлоо өткөрүлгөн. Ошол эле
жылы жаңы Конституция жазылып, Нородом Сианук башкарган Камбожа Королдугу түзүлгөн.
Өлкөдө конституциялык монархия ж-а көп партиялуу система орногон. 1993–97-ж. өткөрүлгөн шайлоолордун негизинде укуктары бирдей болгон эки премьер-министр (Нородом Ранарит, Хун Сен) жетектеген коалициялык
өкмөт түзүлгөн. 1998- ж-а 2003-жылдардагы шайлоолордо Камбожа элдик партиясы жеңишке жетип, парламенттеги көпчүлүк орунду ээлеген. 1999-ж. К. АСЕАНдын курамына кирген. 2004-ж. Нородом Сианук тактыны уулу Нородом Сиамониге тапшырган. Учурда өлкөдө экон. реформалар ийгиликтүү жүргүзүлүп, жогорку темпте өнүгүүдө. К-нын негизги стратегиялык
өнөгү – Кытай. К-нын негизги экон. донору –
Япония. Вьетнам м-н тыгыз ж-а ишенимдүү алакалашып, коргоо ж-а коопсуздук маселелерин талкуулап турат. Франция К-да туруктуу салттуу өңүттү ээлейт. ЕС К-га жакырчылык м-н күрөшүүгө, билим берүүнүн, саламаттык сактоонун өнүгүшүнө колдоо көрсөтөт. Эл аралык терроризм м-н күрөшүү ж. б. тармактарда АКШ, Россия ж. б. мамлекеттер м-н тыгыз байланышта.
Чарбасы
. К. дүйнөдөгү кедей өлкөлөрдүн катарына кирет. ИДПнин көлөмү 38,9 млрд доллар (2006), аны киши башына бөлүштүргөндө 2800 доллардан туура келет. Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,598 (2005; дүйнөдөгү 177 өлкөнүн ичинен 131-орун). К-нын экономикасы 1990-жылдан баштап туруктуу өнүгө баштады. Өнүгүүсүнүн негизги факторлору: арзан жумушчу күчүнүн көптүгү, о. эле сырткы экон. жардамдын арбындыгы (мамл. бюджеттин таңкыстыгын жабат). Мамл. бюджеттин кирешеси 836,2 млн доллар,
чыгашасы 978,7 млн доллар. Мамл. экон. саясат чарбанын жеке менчик секторунун өнүгүүсүнө ж-а өлкөгө чет элдик инвестициянын келишине ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган. Инвестиция негизинен кийим тигүү ө. ж-н, мейманкана ж-а ресторан бизнесин, байланыш системасын өнүктүрүүгө түздөн-түз жумшалат. Инвестиция Малайзия, Тайвань, АКШ, Кытай, Түш. Корея, Сянган, Сингапур, Таиланд ж. б-дан түшүп, анын басымдуу бөлүгү Пномпень борб. муниципиясында топтолот. Өлкөнүн экон. өнүгүүсүндөгү башкы проблемалар – калктын басымдуу бөлүгүнүн (өзгөчө борбордон алыс жайгашкан айыл калкынын) жакырлыгы, шаарларда криминалдык кырдаалдын татаалдыгы, баңгизат (К. аркылуу «Алтын үч бурчтук» деп аталган өлкөлөрдөн Сиам булуңунун портторуна наркотрафик өтөт) ж-а товар контрабандасы (өлкөдөн күрүч мыйзамсыз чыгарылып, Вьетнам ж-а Таиланддан керектөө товарлары мыйзамсыз алып келинет). БУУнун көмөгү м-н мина коркунучу (К-да жердеги минанын ж-а жарылбай калган снаряддын саны 4–6 млн бирдикке
жетет) ж-а жашыруун миграция проблемасы акырындап жоюлууда.
Тейлөө чөйрөсүнүн ИДПдеги үлүшү 38,6%, айыл, токой ж-а балык чарбаларыныкы 35,1%,
ө. ж-ныкы 26,2% (2006). Электр-энергетикасынын негизин импорттук отун м-н иштеген дизель электр станциялары түзөт (жалпы кубаттуулугу 13 миң МВт). 2004-ж. 121,8 млн кВт. с
электр энергиясы өндүрүлгөн; импорттук электрэнергия (Вьетнамдан алат) 2002–06-ж. 85 млн
кВт.сты түзгөн. Электр энергиясынын тартыштыгына ж-а энергия булактарына болгон дүйнөлүк баанын өсүшүнө байланыштуу келечекте гидроэнергетиканы өнүктүрүү каралууда. Өлкөнүн энергетикасынын ж-а жалпы эле экономикасынын өнүгүү келечеги Сиам булуңунун деңиздик шельфиндеги нефть ж-а газ кендерине байланыштырылат. Ө. ж. продукциясынын 90%тейи кийим тигүү ө. ж-на таандык (2006). 247 кийим тигүү ф-касы иштейт (негизинен Пномпень ш-нда ж-а тегерегинде). Продукциясынын дээрлик бардыгы АКШга ж-а Европа союзуна кирген өлкөлөргө экспорттолот. Өлкөнүн экспортунун наркынын 60%тейи (2 млрд доллардан ашыгы; 2005) тигилүү кийимге туура келет. О. эле тамак-аш (а. и. күрүч актоо), тамеки (сигарета) чыгаруучу, каучукту, жыгачты ж. б. сырьё- ну алгачкы иштетүүчү ө. ж. ишканалары, цемент з-ду иштейт.
Өлкөнүн аймагынын 21,4% аянты иштетилип, анын 20,4%и айдалат, 0,6%и көп жылдык өсүмдүктөр плантациясы. Сугат жери 2,7 миң км2. Агр. закон жер ээлиги б-ча төмөнкү формаларды караган: огород жерлерди жеке менчикке берүү; өлчөмү 5 гага чейинки а. ч. жерлерин мураска калтыруу укугу; аянты чоң жер участкаларын ижарага берүү ж-а сатуу укугусуз мурастоо концессиясы. Айдоо аянтынын 1/ инен
ашыгына өлкөнүн негизги азык-түлүгү болгон –
шалы (күрүч) эгилет. Шалы негизинен Меконг д-нын өрөөнүндө ж-а Баттамбанг провинциясында өстүрүлөт; анын ондогон сорту бар, Меконг өрөөнүнүн айрым жерлеринде «калкыма», бийик жаткан түздүктөрдө кайрак шалы эгилет. Табияты жылына эки жолу түшүм алууга шарт түзөт. 2005-ж. 4,2 млн T күрүч жыйнал-


ган; башка азык-түлүк өсүмдүктөрүнөн батат, жүгөрү, соя буурчактары, о. эле жашылча, банан, апельсин, жер жаңгак, калемпир өстүрүлөт.
Маанилүү экспорттук агр. продукту – накта
каучук, каучуктуу өсүмдүк плантациясынын жалпы аянты 150 миң га. Башка тех. өсүмдүктөрдөн тамеки, бал камыш, күнжүт, кант, май ж-а кокос пальмалары өстүрүлөт. Жайыт мал
чарбачылыгынын өнүгүүсү үчүн да ыңгайлуу шарты бар. Бирок сүт ж-а эт багытындагы мал чарбасы начар өнүккөн; малы негизинен күч унаа катары пайдаланылат. 2005-ж. 127,5 миң T чочко эти, 61,1 миң T мал эти, 16,5 миң T куш эти 13,6 миң T буйвол эти даярдалган. Балык (айрыкча Тонлесап көлүнөн) кармалат.
Экономикасынын эң ылдам өнүгүп жаткан сектору – тейлөө чөйрөсү; ал негизинен чет
элдик туристтердин келишине байланыштуу (2006-ж. 2 млндон ашык турист келген). Туризмдин 50%тен ашыгы өлкөнүн түндүгүндөгү Ангкор арх-ралык комплексин көргөнү келет. Мейманкана ж-а ресторан, ички (дүң ж-а чекене) соода бизнеси, байланыш ж-а телекоммуникация системасы өнүккөн.
Автомобиль жолунун жалпы уз. 38,3 миң км, т. ж-нуку 602 км (2006); эки т. ж. линиясы бар:
Пномпень – Баттамбаг – Пайопет (Таиланд м-н

чек арада); Пномпень – Сиануквиль (Сиам булуңунун жээгинде). Ички суу жолунун (Меконг д. ж-а анын куймалары) уз. 2,4 миң км (2005).
Негизги дарыя порту – Пномпень, деңиз порту – Сиануквиль. К-нын «арзан» желеги м-н
586 соода кемеси жүрөт. 17 аэропорту бар, эл аралык 2 аэропорту – Пномпень м-н Сиемреапте. Вьетнам, Кытай, Лаос, Малайзия, Сингапур, Таиланд, Түш. Корея, Тайвань м-н авиакаттамы бар (2006).
Экспортунда тигилүү буюмдар басымдуу; о. эле накта каучук, күрүч, деңиз азыктарын чыгарат. К-нын товарлары АКШ (53,3%и), Сянган (15,2), Германия (6,6%), Улуу Британияга (4,3%) чыгарылат. Сырттан нефть продуктуларын, конструкциялык материалдарды, машина ж-а жабдууларды, а. и. автомобиль, кеңири керектелүүчү товарларды сатып алат. Азык товарларды негизинен Сянган (18,1%), Кытай (17,5%), Таиланд (13,8%), Тайвань (12,7%),
Вьетнам (9,0%), Сингапур (5,3%), Түш. Корея
(4,9%), Япониядан (4,3%) алат.
Маданияты
Камбожада окуу жайларын башкаруу Билим, жаштар жана спорт министрлиги тарабынан ишке ашырылат. 1993-жылы милдеттүү жанаа акысыз 9 жылдык билим берүү киргизилген. Билим берүү системасы мектепке чейинки тарбия жана 6 жылдык башталгыч, баштапкы орто (3 жылдык курс), жогорку билимге даярдоо максатында кошумча орто (мамлекеттик жана менчик коллеж) билим берүүнү камтыйт. 2005-жылы балдардын 10%и мектепке чейинки мекемелерде тарбияланган, 96%и башталгыч, 24%и орто билим алган. Калктын сабаттуулугу 15 жаштан жогору 73,6% (ЮНЕСКОнун маалыматы боюнча, 2005). 12 мамлекеттик жана 30 менчик жогорку окуу жайы (жарандык жана диний) бар. Ири жогорку окуу жайлары: Будда университети (1954), Пномпень королдук университети (1960), Жогорку техникалык институту (1981) жана башкалар. Илимий мекемелери: Буддизм институту (музей жана Камбожадагы ири китепкана – 40 миңден ашык том жана пальма жалбырагына жазылган 16 миңден ашык кол жазма), Ресурстарды өнүктүрүү институту (1990), Адам укуктары институту (1993), Социалдык өнүгүү борбору (1995), Улуттук саламаттык сактоо институту, Улуттук китепкана (1924), Улуттук музейи (1920), геноцид музейи (1979) бар. Бардык мекемелер Пномпенде жайгашкан.
Камбожада 100дөн ашык гезит жана журналдар кхмер [«Расмей Кампучия» (1993); «Монеасека кхмер» (1993); «Чакраваль Дейли» (1993) жана башкалар], ошондой эле англис, француз жана кытай тилдеринде чыгат (2007). 1975-жылдан радио уктуруусу, 1966-жылдан телекөрсөтүү иштейт. Камбожанын Улуттук маалыматтык агенттиги – «Agence Kampuchea
Presse».
XVI кылымга чейин Камбожанын адабияты санскрит жана пали, кийинчерээк кхмер тилдеринде өнүккөн. XIV–XV кылымдардагы адабияттын жалгыз эстелиги – пали тилиндеги «Элүү жатак» жыйнагы. Кхмер тилиндеги алгачкы чыгармалар XVI кылымда пайда болгон (Чей Нондун ырлары; Панг, «Ангкор жөнүндө поэма»,
1598). XVII–XIX кылымдарда жатак темасында ыр түрүндөгү чыгармалар жаралган. Жаңы адабият кечил Саомдун «Тум менен Тиев» поэмасы (1916) менен башталат. Ньок Тхаемдин «Пайлин атыр гүлү» романы чыккандан кийин социалдык теңсиздик, аялдар, жаштар темасындагы роман адабиятта негизги орунду ээлеген. XX кылымдын аягы –XXI кылымдын башында ар кыл жанрдагы романдар жазылды (Паль Воаннари Реак, Мау Сомнанг). 1955-жылы Камбожа жазуучулар ассоциациясы түзүлгөн.
Камбожа аймагында Ханчей, Асрам-Махаросей (VI–VIII кылымдар), Баконг (881), Прэах-Ко (879) жана башка белгилүү храмдар жана храм комплекстери сакталып калган. IX–XIV кылымдарда Камбужадеша империясынын өкүмдарлары курдурган 10 шаарды камтыган зор Ангкор комплексинде 1000ден ашык монументтик курулуштар сакталган: храм-тоо Пном- Бакхенг (893); Пхимеанакас храмы (X кылым); Ангкор-Ват храм комплекси (XII кылым) жана башкалар. Камбожа Франция колониясына айланганда европалык үлгүдөгү имараттар салына баштаган. 1960-жылдары Камбожада Көз карандысыздык (1960–1962) эстелиги, Чакдомукх залы (1962), Улуттук спорт комплекси (1964), Чамкармон сарайы (1966) жана башка архитектуралык курулуштар пайда болгон.
Кхмерлердин музыкалык маданияты эң байыркы доорго таандык. Ангкор жана Байон храмдарынын барельефтери музыка-театрдык маданиятынын өнүккөнүн, музыкалык аспаптардын [барабан (сампхо), чаб,чинг, гонг, булгаары жана мүйүз трубалар (санг), дого, арфалар (пын) жана башкалар] көптүгүн тастыктайт. XIX кылымдын 2-жарымынан кытайлык, малайзиялык, европалык жана башка музыкалык салттардын Камбожанын маданиятына таасири тийген.
Ад.: Страны и народы. Зарубежная Азия. Юго- Восточная Азия. М., 1979; Марунова И. Б. Древний театр кхмеров. М., 1980; История Кампучии. Краткий


очерк. М., 1981; Пфеффер П. Азия. М., 1982; Алексеева Н. Н. Современные ландшафты зарубежной Азии. М., 2000; Альбанезе М. Ангкор. Величие кхмерской цивилизации. М., 2003; Бектимирова Н. Н., Дольникова В. А. Камбоджа и Таиланд: тенденции политического развития. М., 2007; Камбоджа //Большая Российская Энциклопедия. Т. 12. М., 2008.
Н. Алымкулова, Ө. Бараталиев, Ш. Керимова.