ИНСУЛЬТ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>ИНСУ́ЛЬТ</b> (лат. insulto – секирүү, секирем), а п о п л е к с и я, м э э г е д о о к е т ү ү – мээдеги кан айлануунун тез бузулушунан бол­гон катуу кармоочу оору. Инсульт мээге кан куюлуу­дан же мээ кан тамырларынын бүтөлүп калы­шынан (тромбоз) болот. Инсульттун негизги себеби – гипертония оорусу ж-а мээ кан тамырларынын атеросклерозу. Ошондой эле, кан тамырлардын башка ооруларында, кызыл жүгүрүктө, кан ооруларын­да ж. б. болушу мүмкүн. Ал мээге кан куюлтуу­чу г е м м о р а г и я л ы к ж-а мээ тканынын жумшаруусу – мээ инфаркты м-н коштолгон и ш е м и я л ы к болуп бөлүнөт. Көп оорулар­да капысынан башталганы м-н ооруну алдын ала билдирүүчү белгилер байкалат. Мисалы, гипер­тония оорусунда ж-а атеросклероздо баш оор тар­тып, зыңылдап ооруйт, айланат. Мээге куюл­ган кан нерв ткандарын бузат, кээ бир бөлүк­төрүн басып, мээни шишитет. Гемморагиялык инсульт көбүнчө күндүз кармайт. Оорулуу капысы­нан эс-учун жоготуп жыгылат, адатта бир жак колу, буту шал болот, сүйлөө бузулат, адеп дем алуу кыйындап, карышат, кусат. Ишемиялык инсульт сутканын бардык мезгилинде кармай берет, кээде акырындап башталат: адегенде колу, анан бир жак бети шал болот, андан кийин сүйлөй албай калат. Инсультту неврологиялык ооруканада дарылоо жакшы натыйжа берет. Үй шартында оорулуу­ну дарылоо ж-а багуу, ошондой эле оор кабылдоодон сактоо өтө кыйын. Ал мээ кан тамырынын атеросклерозу, бүртүкчөлөрү, тромб, эмболиялар м-н бүтөлүшүнөн болот. Жүрөк ишинин начар­лашы, кан басымынын төмөндөшү, кандын тез уюшу ж. б. ишемиялык инсульттун өрчүшүнө түрткү берет. Инсульттан кийин бузулган функциялар (кый­мыл, сүйлөө ж. б.) калыбына өтө жай келет. Ошондуктан оорулуу ооруканадан чыгып кел­генден кийин жакшылап багуу талап кылынат. Дарылоодо төшөккө тынч жаткыруу, жүрөк ­кан тамырдын бузулууларын алдын алуу, дем алуунун начарлашын, мээде кан айланууну жак­шыртуу ж-а мээ күпчөгүн болтурбоо чаралары көрүлөт. Ошондой эле мээге кан куюлса же кан та­мырлардын ичкеришин жок кылуу үчүн опера­ция жасалат. Инсульттун калдыктарын дарылоодо гимнастика, массаж, сүйлөөгө үйрөтүү (логопед) ж. б. жүргүзүлөт. Алдын алууда эмгек ж-а эс алуу, тамактануу, күн тартибин сактоо, нерв­психикалык күч келүүдөн алыс болуу, кан та­мырдын жалпы ооруларын өз убагында дары­лоо зарыл. | <b type='title'>ИНСУ́ЛЬТ</b> (лат. insulto – секирүү, секирем), а п о п л е к с и я, м э э г е д о о к е т ү ү – мээдеги кан айлануунун тез бузулушунан бол­гон катуу кармоочу оору. Инсульт мээге кан куюлуу­дан же мээ кан тамырларынын бүтөлүп калы­шынан (тромбоз) болот. Инсульттун негизги себеби – гипертония оорусу ж-а мээ кан тамырларынын атеросклерозу. Ошондой эле, кан тамырлардын башка ооруларында, кызыл жүгүрүктө, кан ооруларын­да ж. б. болушу мүмкүн. Ал мээге кан куюлтуу­чу г е м м о р а г и я л ы к ж-а мээ тканынын жумшаруусу – мээ инфаркты м-н коштолгон и ш е м и я л ы к болуп бөлүнөт. Көп оорулар­да капысынан башталганы м-н ооруну алдын ала билдирүүчү белгилер байкалат. Мисалы, гипер­тония оорусунда ж-а атеросклероздо баш оор тар­тып, зыңылдап ооруйт, айланат. Мээге куюл­ган кан нерв ткандарын бузат, кээ бир бөлүк­төрүн басып, мээни шишитет. Гемморагиялык инсульт көбүнчө күндүз кармайт. Оорулуу капысы­нан эс-учун жоготуп жыгылат, адатта бир жак колу, буту шал болот, сүйлөө бузулат, адеп дем алуу кыйындап, карышат, кусат. Ишемиялык инсульт сутканын бардык мезгилинде кармай берет, кээде акырындап башталат: адегенде колу, анан бир жак бети шал болот, андан кийин сүйлөй албай калат. Инсультту неврологиялык ооруканада дарылоо жакшы натыйжа берет. Үй шартында оорулуу­ну дарылоо ж-а багуу, ошондой эле оор кабылдоодон сактоо өтө кыйын. Ал мээ кан тамырынын атеросклерозу, бүртүкчөлөрү, тромб, эмболиялар м-н бүтөлүшүнөн болот. Жүрөк ишинин начар­лашы, кан басымынын төмөндөшү, кандын тез уюшу ж. б. ишемиялык инсульттун өрчүшүнө түрткү берет. Инсульттан кийин бузулган функциялар (кый­мыл, сүйлөө ж. б.) калыбына өтө жай келет. Ошондуктан оорулуу ооруканадан чыгып кел­генден кийин жакшылап багуу талап кылынат. Дарылоодо төшөккө тынч жаткыруу, жүрөк ­кан тамырдын бузулууларын алдын алуу, дем алуунун начарлашын, мээде кан айланууну жак­шыртуу ж-а мээ күпчөгүн болтурбоо чаралары көрүлөт. Ошондой эле мээге кан куюлса же кан та­мырлардын ичкеришин жок кылуу үчүн опера­ция жасалат. Инсульттун калдыктарын дарылоодо гимнастика, массаж, сүйлөөгө үйрөтүү (логопед) ж. б. жүргүзүлөт. Алдын алууда эмгек ж-а эс алуу, тамактануу, күн тартибин сактоо, нерв­психикалык күч келүүдөн алыс болуу, кан та­мырдын жалпы ооруларын өз убагында дары­лоо зарыл. | ||
[[Категория:3-том, 544-607 бб]] | [[Категория:3-том, 544-607 бб]] | ||
03:53, 8 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -га соңку нускасы
ИНСУ́ЛЬТ (лат. insulto – секирүү, секирем), а п о п л е к с и я, м э э г е д о о к е т ү ү – мээдеги кан айлануунун тез бузулушунан болгон катуу кармоочу оору. Инсульт мээге кан куюлуудан же мээ кан тамырларынын бүтөлүп калышынан (тромбоз) болот. Инсульттун негизги себеби – гипертония оорусу ж-а мээ кан тамырларынын атеросклерозу. Ошондой эле, кан тамырлардын башка ооруларында, кызыл жүгүрүктө, кан ооруларында ж. б. болушу мүмкүн. Ал мээге кан куюлтуучу г е м м о р а г и я л ы к ж-а мээ тканынын жумшаруусу – мээ инфаркты м-н коштолгон и ш е м и я л ы к болуп бөлүнөт. Көп ооруларда капысынан башталганы м-н ооруну алдын ала билдирүүчү белгилер байкалат. Мисалы, гипертония оорусунда ж-а атеросклероздо баш оор тартып, зыңылдап ооруйт, айланат. Мээге куюлган кан нерв ткандарын бузат, кээ бир бөлүктөрүн басып, мээни шишитет. Гемморагиялык инсульт көбүнчө күндүз кармайт. Оорулуу капысынан эс-учун жоготуп жыгылат, адатта бир жак колу, буту шал болот, сүйлөө бузулат, адеп дем алуу кыйындап, карышат, кусат. Ишемиялык инсульт сутканын бардык мезгилинде кармай берет, кээде акырындап башталат: адегенде колу, анан бир жак бети шал болот, андан кийин сүйлөй албай калат. Инсультту неврологиялык ооруканада дарылоо жакшы натыйжа берет. Үй шартында оорулууну дарылоо ж-а багуу, ошондой эле оор кабылдоодон сактоо өтө кыйын. Ал мээ кан тамырынын атеросклерозу, бүртүкчөлөрү, тромб, эмболиялар м-н бүтөлүшүнөн болот. Жүрөк ишинин начарлашы, кан басымынын төмөндөшү, кандын тез уюшу ж. б. ишемиялык инсульттун өрчүшүнө түрткү берет. Инсульттан кийин бузулган функциялар (кыймыл, сүйлөө ж. б.) калыбына өтө жай келет. Ошондуктан оорулуу ооруканадан чыгып келгенден кийин жакшылап багуу талап кылынат. Дарылоодо төшөккө тынч жаткыруу, жүрөк кан тамырдын бузулууларын алдын алуу, дем алуунун начарлашын, мээде кан айланууну жакшыртуу ж-а мээ күпчөгүн болтурбоо чаралары көрүлөт. Ошондой эле мээге кан куюлса же кан тамырлардын ичкеришин жок кылуу үчүн операция жасалат. Инсульттун калдыктарын дарылоодо гимнастика, массаж, сүйлөөгө үйрөтүү (логопед) ж. б. жүргүзүлөт. Алдын алууда эмгек ж-а эс алуу, тамактануу, күн тартибин сактоо, нервпсихикалык күч келүүдөн алыс болуу, кан тамырдын жалпы ооруларын өз убагында дарылоо зарыл.