ИНСУЛЬТ
ИНСУ́ЛЬТ (лат. insulto – секирүү, секирем), а п о п л е к с и я, м э э г е д о о к е т ү ү – мээдеги кан айлануунун тез бузулушунан болгон катуу кармоочу оору. Инсульт мээге кан куюлуудан же мээ кан тамырларынын бүтөлүп калышынан (тромбоз) болот. Инсульттун негизги себеби – гипертония оорусу ж-а мээ кан тамырларынын атеросклерозу. Ошондой эле, кан тамырлардын башка ооруларында, кызыл жүгүрүктө, кан ооруларында ж. б. болушу мүмкүн. Ал мээге кан куюлтуучу г е м м о р а г и я л ы к ж-а мээ тканынын жумшаруусу – мээ инфаркты м-н коштолгон и ш е м и я л ы к болуп бөлүнөт. Көп ооруларда капысынан башталганы м-н ооруну алдын ала билдирүүчү белгилер байкалат. Мисалы, гипертония оорусунда ж-а атеросклероздо баш оор тартып, зыңылдап ооруйт, айланат. Мээге куюлган кан нерв ткандарын бузат, кээ бир бөлүктөрүн басып, мээни шишитет. Гемморагиялык инсульт көбүнчө күндүз кармайт. Оорулуу капысынан эс-учун жоготуп жыгылат, адатта бир жак колу, буту шал болот, сүйлөө бузулат, адеп дем алуу кыйындап, карышат, кусат. Ишемиялык инсульт сутканын бардык мезгилинде кармай берет, кээде акырындап башталат: адегенде колу, анан бир жак бети шал болот, андан кийин сүйлөй албай калат. Инсультту неврологиялык ооруканада дарылоо жакшы натыйжа берет. Үй шартында оорулууну дарылоо ж-а багуу, ошондой эле оор кабылдоодон сактоо өтө кыйын. Ал мээ кан тамырынын атеросклерозу, бүртүкчөлөрү, тромб, эмболиялар м-н бүтөлүшүнөн болот. Жүрөк ишинин начарлашы, кан басымынын төмөндөшү, кандын тез уюшу ж. б. ишемиялык инсульттун өрчүшүнө түрткү берет. Инсульттан кийин бузулган функциялар (кыймыл, сүйлөө ж. б.) калыбына өтө жай келет. Ошондуктан оорулуу ооруканадан чыгып келгенден кийин жакшылап багуу талап кылынат. Дарылоодо төшөккө тынч жаткыруу, жүрөк кан тамырдын бузулууларын алдын алуу, дем алуунун начарлашын, мээде кан айланууну жакшыртуу ж-а мээ күпчөгүн болтурбоо чаралары көрүлөт. Ошондой эле мээге кан куюлса же кан тамырлардын ичкеришин жок кылуу үчүн операция жасалат. Инсульттун калдыктарын дарылоодо гимнастика, массаж, сүйлөөгө үйрөтүү (логопед) ж. б. жүргүзүлөт. Алдын алууда эмгек ж-а эс алуу, тамактануу, күн тартибин сактоо, нервпсихикалык күч келүүдөн алыс болуу, кан тамырдын жалпы ооруларын өз убагында дарылоо зарыл.