КАРА-БИЙ СУРЬМА КЕНЧЕСИ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРА-БИЙ СУРЬМА́ КЕНЧЕСИ Баткен обл-нун Кадамжай р-нунда, Кара-Бий кырка тоосунун түн. капталында, Кара-Жантак кыш-нан 7 км түштүктө, деңиз деңг. 1200–1500 м бийикте. 1961–92-ж. мезгил-мезгили м-н кен издөө иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы силур ж-а карбон мезгилдеринин карбонат-терриген комплекстеринен түзүлгөн. Кен гидротерм таасирине дуушарланып, брекчияланган ж-а кеңдик багытта созулуп жаткан роговик-жаспероид зонасына топтолгон. Негизги минералдары: антимонит, валентинит. Сурьманын орт. өлчөмү 2,38%. Кенташтын болжолдуу ресурсу 29,9 миң т; сурьманыкы – 711 т.