КАРАБАХ ХАНДЫГЫ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы
КАРАБА́Х ХАНДЫГЫ – Азербайжандагы Аракс ж-а Кура д-нын аралыгында жайгашкан 18–19-к-дагы феодалдык мамлекет. Панах Алихан (1740–59) 1747-ж. негиздеген. Ал Гянжин, Ереван, Нахичевань ж-а Ардебиль хандыктарына өз таасирин тийгизген. К. х-нын калкы негизинен дыйканчылык, малчылык ж-а багбанчылык м-н кесиптенип, килем, булгаары буюмдары м-н атагы чыккан. К. х-н Иран же Түркиянын басып алуу коркунучунан улам Ибрагим Халилхан (1759–1806) коргоп калуу өтүнүчү м-н 1783- ж-а 1797–99-ж. Россияга кайрылып, К. х. 1805-ж. Россиянын карамагына өткөн. 1822-ж. хандык башкаруу жоюлуп, орус аскер администрациясы м-н алмашылган.