КАРА-БАЛТА КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА-БАЛТА КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Чүй обл-нун Панфилов р-нундагы Калинин кыш-нан 10 км түш.-батыш тарапта, Чоң Кайыңды суусунун боюнда, деңиз деңг. 860–1000 м бийикте. 1982-ж. Түн. Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Кен аймагы антропогендик чөкмө тектерден ту­рат. Пайдалуу кум-шагыл катмары кашат тек­тирин түзүп жатат. Уз. 1400 м, калыңдыгы 6– 10 м. Шагыл жакшы сүрүлүп жылмаланган. Гранулометриялык курамы: 500–70 мм – 28,74%, 70–5 мм – 46,17%, 5 ммден майдасы – 25,07%. Шагылдын 69,55% магмалык тектер­дин сыныктарынан турат. Кум-шагылды бетонго кошунду катары пайдаланса болот. Запасы А+В категориясы б-ча 4763 миң м3, А+В+С – 12698 миң м3. Карьерден казып алууга ыңгайлуу.