КАРА-БАЛТА КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-БАЛТА КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Чүй облусунун Панфилов районундагы Калинин кыштагынан 10 км түштүк-батыш тарапта, Чоң Кайыңды суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 860–1000 м бийикте. 1982-жылы Түндүк Кыргыз геологиялык экспедициясы чалгындаган. Кен аймагы антропогендик чөкмө тектерден ту­рат. Пайдалуу кум-шагыл катмары кашат тек­тирин түзүп жатат. Узундугу 1400 м, калыңдыгы 6–10 м. Шагыл жакшы сүрүлүп жылмаланган. Гранулометриялык курамы: 500–70 мм – 28,74%, 70–5 мм – 46,17%, 5 ммден майдасы – 25,07%. Шагылдын 69,55% магмалык тектер­дин сыныктарынан турат. Кум-шагылды бетонго кошунду катары пайдаланса болот. Запасы А+В категориясы боюнча 4763 миң м3, А+В+С – 12698 миң м3. Карьерден казып алууга ыңгайлуу.