КАРА-БАК ЦЕЛЕСТИН КЕНИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol4>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
(Айырма жок)

08:08, 7 Сентябрь (Аяк оона) 2025 -деги абалы

КАРА-БАК ЦЕЛЕСТИ́Н КЕНИ Баткен р-нунда, Баткен ш-нан 8 км түн.-чыгышта, деңиз деңг. 800–890 м бийикте. 1959-ж. чалгындалган. Це­лестин кенташы акыркы бор мезгилиндеги кум­дук ж-а чопо тектеринин арасында жатат. Кен­таштын тулкусу 1600 мге созулуп, калыңдыгы 0,15–1,15 м болгон 4 катмарчадан турат. Кен эки типтеги кенташтан – желвак ж-а чачыран­ды түрдө кездешет. Биринчи типтеги кенташта целестиндин өлчөмү 66,3%, экинчисинде – 2,66%. Кенташ тулкусундагы целестиндин орт. өлчөмү 6,15%. Технол. изилдөөлөрдүн негизин­де целестиндин өлчөмү 86,7%ке жеткен аралаш­ма алынары аныкталган. Целестиндин запасы: В категориясы б-ча – 2,6 миң т ; С – 20,9 миң т ; С2 – 93,7 миң т.